www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттикке талапкер катары «кудай» да өзүн тизмеге кошту. Арстан Алай шайлоодо жылт этип бир көрүнүп калат. Шайлоо бүткөн соң аны күндүн жарыгында да фонарик менен издеп таппай калат. Айрыкча анын маалыматчылары, кичине болсо да эмгек акысын аларга келгенде Арстан Алай житип жок болот. Анан ушундай «кудайды» кантип Кыргызстанды башкарууга шайлайбыз?

Арстан Алай соцтармактарда өзүн көтөрмөлөп, кудайга теңеп мактагандан башка жыргаткан деле эч нерсе кылган жок. Салыштырмалуу Садыр Жапаров Атамбаевдик бийликке каршы тикесинен-тик туруп, тамагын да, камагын да көрүп келди. “Кудай” Арстанбек Алай кичирейгени турат. Өзүн кудай катары эсептеген Арстанбек Алай күчүн шайлоодо сынап көрмөккө шайлоого аттанмай болду. 2021-жылдын 10-январында өтчү кезексиз президенттик шайлоого катышуу тууралуу ниетин эң алгач президенттин милдетин таткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров айткан. Андан кийин Адахан Мадумаров, Назарбек Нышанов, Кубан Чороев, Арстанбек Абдылдаев, Бектур Асановдор болуп отуруп жайнап БШКга шайлоого катышуу тууралуу арызын беришти.

Бул президенттик шайлоо кызык, демократиялуу өтмөй болду. Анткени, барына тоскоолдук кылып бут тосуп, өз кишисин өткөзө турган президент жок. Ошондуктан 2011-жылдагыдай талапкердин саны жүзгө жетсе таң калууну кереги жок, бардыгы соодалашат. Ислам дининде “кудайдан башка кудай жок” дейт,“Мен Кудаймын” деп өзүн коомчулукка тааныштырып, социалдык тармакта катуу талкуу жараткан, ал тургай Жогорку Кеңешти  чоочуткан Арстан Алайды эми кыргыз эли жалпы угушу керек. Эми “Кудайы” жок калмай болдук, Арстанбек Алай  “кудайлыкты” чанып, президентке бет алды...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости