www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бириккен Улуттар Уюмунун алдында дүйнө жүзү боюнча 135тен ашуун партия жана уюмдун башын бириктирген эл аралык бирикме — Социалисттик интернационал уюмунун башкы катчысы Луис Аяла кайрылуу жасап, Алмазбек Атамбаевди түрмөдөн бошотууну суранды. Бул тууралуу «Социал-демократтар» партиясы кабарлады.
«Кыргызстандын мурунку президенти жана дүйнөгө таанымал саясий ишмердин абактан бошотулушу – жакшы ишарат жана эл аралык коомчулукка Кыргызстанда жашоо өз нугуна түшүп жаткандыгы жөнүндө белги болмок», — деп айтылат Социалисттик интернационалдын билдирүүсүндө.
Уюм: «Алмазбек Атамбаев өлкө ичиндеги элдешүү үчүн чоң активге айланат», - деген ишенимин билдирет.
Социалисттик интернационал - БУУнун алдындагы, 1864-жылдан бери өзүнүн тарыхын жетектеген жана дүйнөдөгү башкаруучу жана оппозициялык социал-демократиялык, социалисттик жана жумушчу партияларды бириктирген уюм. БУУнун учурдагы башчысы Антониу Гуттериш 1999-2005-жылдары Социалисттик интернационал уюмун жетектеген.
Булак: NazarNews.kg