www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Достук айылында жарандык никеде жашап жүргөн келинди токмоктоп өлтүрүп, жашыруун жерге көмүп салган кылмыш иштин бети ачылды. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 2014-жылы Достук айылынын 27 жаштагы тургуну 21 жаштагы аялын сабап өлтүрүп алганы тууралуу маалымат милицияга түшкөн.

Былтыр Ноокен райондук милициясы бул боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргөн. Бирок келиндин сөөгү табылган эмес. Буга байланыштуу кылмыш иши токтотулган.

Быйыл июнда шектүү адамдын үйүнүн жанындагы жардан, беш метр тереңдиктен маркумдун сөөгү табылган. Сөөк Өзбекстандын Наманган облусунун тургуну, 21 жаштагы келинге таандык экени аныкталды. Адам өлтүрүү беренеси менен кайрадан кылмыш иши ачылып, 27 жаштагы Ноокендин тургуну кармалды. 

Камчыбек Бостон "Nazarnews.kg"

Последние новости