www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин 15-июнда түз эфирде Орусиянын жашоочуларынын суроолоруна жооп берди. 4 саатка созулган түз эфирдин соӊунда Путин "Президенттиктен кетерде ордуӊузга кимди коюп кетесиз?" деген суроого жооп узатты.
"Кимдин президент болушун Орусиянын жарандары чечет. Аймакты, районду, шаарды, облусту же өлкөнү ким башкарарын тандоо шайлоочунун гана колунда экенин унутпашыбыз керек. Кийинки президенттин алдында көптөгөн милдеттер турат. Жарандардын кирешесин көбөйтүү, жакырчылыкты жоюу, экономиканы өнүктүрүү жана башкалар", - деди Орусия лидери.
"Келерки президент ким болот?" деген суроо Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевге да көп берилет.
Үстүбүздөгү жылдын февралында Европа кеӊешинин төрагасы Дональд Туск Европага сапары менен барган Атамбаевден "келерки президент жана сиздин мураскер ким болорун билесиз деген үмүттөмүн" деп сурап, Кыргыз президенти шайлоо 2017-жылы өтөрүн, бирок кимдин президент болорун билбей турганын айтып жооп узаткан. Ал эми апрелде Бишкекте өлкөнү туруктуруу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында мамлекет башчы: "Менден "кийинки президент ким болот?" деп көптөр сурашат, Путин дагы, Меркель дагы сурайт. Ачык айтайын, кийинки президент мага мураскер болобу, Акаев же Бакиевге мураскер болобу убакыт көрсөтөт. Анткени аны эл чечет", - деген.

Камчыбек Бостон "Nazarnews.kg"

Последние новости