www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тайваньда 8 жаштагы кыз суши жегендиктен анын ичинен курт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 15-июнда чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты. Маалыматка караганда, кыз Тайбей мейманканасында суши жегенден кийин бир ай өткөндөн кийин, анын ичи катуу ооруп баштаган. Ошол күнү кыздын ата-энеси ооркунага алып барышкан.

Дарыгерлер анын ашказанынан эки жарым метрлик узун курт барын айтышкан. Алар куртту ашказанынан алып чыгышып, бир катар дарыларды жазып берген. Учурда кыздын абалы жакшы . Дарыгер Хен Шеньюандын айтымында, кыздын ичиндеги курт бир айдан ашык убакыт болгондуктан семирип кеткендиктен, аны алып чыгышканда ал тирүү бойдон чыккан.

Белгилей кетсек, суши балык этинен жасалат. Ал кыздын ашказанынан табылган курт негизинен абдан ышталган сары балыктардын этинен жасалганы айтылууда. 

Булак: "5news.kg"

Последние новости