www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 30-июнь күнү саат 17:00 чамасында, 15 жаштагы Э.У. аттуу өспүрүм Daewoo Nubira үлгүсүндөгү автоунааны минип алып, жолдо башкарууну жоготуп, Фергана каналына түшүп кеткен. Бул тууралуу 1-июлда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жалал-Абад облустук башкармалыгы кабарлады.

Кырсыктан улам автоунаада жүргүнчү катары келе жаткан 14-15 жаштардагы 3 өспүрүм каза тапкан.

Унаада алты киши болгон. Калган жашы жете элек 3 өспүрүм кырсык болгон учурда суудан аман чыгып, үлгүрүшкөн.

Аталган факты Ноокен райондук милициясынын Маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.

Денесинен оор жаракат алган рулдагы Э.У. аттуу өспүрүм Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын оруканасынын хирургия бөлүмүнө кайрылган.

ИИМдин маалыматында былтыр 7 миңге чукул жол кырсыгы катталып, андан 783 адам каза болгон. Көз жумгандардын саны 2022-жылга салыштырмалуу 13,5% көп.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖКККБ) жол кырсыгына негизинен ылдамдыкты ашыруу, каршы тилкеге чыгуу жана мас абалда автоунаа айдоо себеп экенин белгилеп келет.

Последние новости