www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Красноярск крайында “Норникель” ишканасында 45 тоннадай авиациялык керосин жер кыртышына жайылып кетти. Бул тууралуу заводдун басма сөз кызматына шилтеме берип, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Ага чейин суюк отун ташыган куурга ээлик кылган "Норильсктрансгаз” компаниясы 20 тонна керосин сыртка чыгып кеткенин билдирип, адамдардын саламаттыгына коркунуч жаралбаганын, кара майды чогултуу аракети көрүлүп жатканын кошумчалаган.

Аймактык прокуратура окуяны териштире баштаганын “Интерфакс” агенттиги жазды. Майдын этегинде Норильск шаарындагы ТЭЦте авария болгондо 21 миң тонна дизелдик суюк отун эки дарыяга, ал жактан Пясино көлүнө куюлуп кеткен. Ал жылуулук борбору да “Норникелге” таандык. Ошондо экологдор орусиялык Арктикадагы эң ири экологиялык кырсык тууралуу айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости