www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 13-июлда Казакстандын эликоронавирустан каза болгондорду эскерип, Улуттук аза күтүү күнүн өткөрүп жатышат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Казакстандын шаарларында мамлекеттик туулар түшүрүлдү. Каза болгондорго багышталып бардык мечиттерде куран окутулат. Саат 12:00дө өлкө боюнча аза мүнөтү өтөт.
Казакстанда коронавирустан биринчи каза болгон учур 26-мартта катталган. 12-июлга карата өлкөдө бул илдеттин курмандыгы болгондордун саны 375ке жетти.
Ал эми жуктуруп алгандардын жалпы саны 58253 адамга жетип, оорудан 33 814 бейтап айыгып чыккан.
Эске сала кетсек, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 13-июлду коронавирустан каза тапкандарды эскерип Улуттук аза күтүү күнү деп белгилеп, казакстандыктарды эл башына оор сыноо келип турганда жоопкерчиликтүү, кайраттуу жана сабырдуу болууга чакырган.
Булак: NazarNews.kg