www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына министр Бакыт Бердалиевди тааныштырды.

Биринчи вице-премьер-министр Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын окуду, ага ылайык, Бакыт Бердалиев Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри болуп дайындалган.

Ошондой эле Новиков жолдор өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн негизи, ошондуктан жаңы министрдин алдында министрликтин натыйжалуу ишин камсыз кылуу менен ага көрсөтүлгөн ишенимди актоо милдети тургандыгын белгиледи.

Биринчи вице-премьер-министр Бакыт Бердалиев министрликтин ишин өркүндөтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт, ошондой эле пландаштыруу тутумуна, жолдорду куруу жана оңдоо боюнча долбоорлордун сапатын көзөмөлдөөгө жаңы ыкмаларды колдонорун ишенээрин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости