www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нур-Султанда 25 жаштагы кыз коронавирустан көз жумду

Нур-Султан шаарында эки тараптуу пневмония менен ооруган 25 жаштагы кыз көз жумду. Бул тууралуу Tengrinews.kz кабарлады.

“Нур-Султанда жашаган 1995-жылы туулган кыз Тез жардам менен 19-июнда оор абалда №1 шаардык оорукананын Тез жардам бөлүмүнө жаткырылган. Кабыл алуу учурунда кызда дем алуунун оорлошуусу, абанын жетишсиздиги, дене табынын жогорулашы жана катуу алсыроо сыяктуу белгилер байкалган.

Абалынын оорлошуусуна дем алуу органдарынын иштебей калуусу себеп болгон. Интенсивдүү терапияга карабастан, жүрөк кыймылын токтотту”, - деп маалымдашкан Нур-Султандын коомдук саламаттыкты сактоо департаментинен.

Эске сала кетсек, дүйнө жүзү боюнча 2020-жылдын 26-июнуна карата илдетти жуктуруунун тастыкталган учурлары 9, 62 миллион кишиге жетти. Анын 4, 85 миллиону сакайып кетсе, 490 миң бейтап көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости