www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан борборунда ички иштер органдарынын кызматкерлери 25-июндан тартып ар бейшембиде элге бекер беткап тарата баштады. Бул тууралуу Ташкенттин Ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИБ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ар бейшемби профилактика күнү катары жарыяланды. Бул күнү беткап тагынбагандар айыпка жыгылбайт, бирок укук коргоо органдарынын кызматкерлери аларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бекер беткап таратат.

25-июнда элге 30 000 медициналык беткап таратылганы айтылууда.

ИИБ элди карантин эрежелерин сактоого, вирусту жапатырмак жеңүүгө үндөдү.

Соңку маалыматтар боюнча Өзбекстанда 6901 киши коронавирус жуктуруп алды, 20 адам кайтыш болду.

Өзбекстандын калкынын саны 31 миллион (сыртта жургондору дагы 2 миллион), биздики 5 миллион (сыртта жургондору 2 миллион). Ушул цифралардан улам салыштырып көрүңүздөр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости