www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дулдул жөнүндөгү жомокту эстедим. Дулдул чарчабас тулпар болот дешкен. Тулпардын колтугунда эки бакалору-көзү-канаты болот дешет. Ошол бакалору менен кошумча дем алчу экен, ошондуктан кыргыздар аны тулпардын канаты деп коюшуптур. Жомокто Дулдул такыр чарчабаган тулпар.

Миң түрлүү тоо мөмөсү төгүлгөн, алма, жаңгакка токою көмүлгөн Көкарттын төрү Кара-Алма капчыгайынын чокусунда миң кабатталган тоолорду карап, Сатыбалды экөөбүз отурганбыз. Биз отурган жер "Сүт эмчек" деп аталат экен. Сатыбалды Жээнбековдун өрөөнү ушундай кооз эле. Ал кырктын кырында жомоктогу Дулдулга айланды да, чын дүйнөгө аттанып, чексиз кооздукка сиңип кетти. Анын жасаган иши, жашап өткөнү Дулдулдай экенин айтып, биз кала бердик.

Сатыбалды Жээнбеков чындыкты азоолоп кармап турганды жакшы көрөр эле, өзү да чындыкты жылоолоп тургандай ишенимдүү сүйлөчү. Тоголок чындыктын колдон тайып турганына моюн берчү эмес. Турмуш татаал да, чындык өзүнөн алыстап кетсе, өжөрлөнүп отуруп жетчү да, ичинен корстон болуп, ичинен көйкөлүп калар эле. Ал өмүр бою ушинтип өттү, өмүр бою өжөрлөнүп чындыкка бир жетип, бир жетпей өттү окшойт, эскайран Дулдул.

Орто мектепти аяктагандан кийин, Россияга окууга кетти, бирок, окууга өтпөй калып, ошол жакта калып, Орусияда тракторист болуп иштеп, Россиянын кенен талаасында соколуу трактор менен норманы эки эсе аткарганын айтчу. Өжөрлөнүп жүрүп, Россияда окууга өттү. Мичурин шаарында орус тили жана адабияты факультетин аяктайт. Он жылдан ашык мыкты педагог болду. Трактористтиктен мектептин директорлугуна чейинки жолу, анын биринчи байгедегиси эле. Дулдул чекке жетпейт дешет, жер шаарын айланат дешет, ал ошентип андан ары кетти. Эне сүтү, жети атадан калган кан денеге ойноп, ага карата мүнөз күтүлүп, сөз айтылат тура. Мен Сатыбалды Жээнбековдун табийгат жараткан турпатынан, тубаса жаралган үнүнөн, доюр мүнөзүнөн улам, өзү Дулдул болуп туулганбы деп калам. Ал КТР аркылуу бүткүл кыргызга билинбеген таалим-тарбия берди. Миллиондогон жаштар андай сымбаттуу болгусу келип, бойлорун түзөдү. Бирок, мындай үн эч кимде жок эле, эч ким жетпеди. Кыргыздын бардык кыялкеч балдары ушундай сүйлөгүсү келгендир, анын дикторлугунун керемети ушунда эле.

90-жылдары Михаил Горбачөвдун эмгектерин аябай чиймелеп окуп, Кыргызстанда КДК уюштурулуп, аларды колдоп, Апсамат Масалиевди аябай сындады. С. Жээнбеков өлгөндөн кийинки кырк күндүгүндө, айкөл А. Масалиев мындай дебедиби: "Сатыбалды Жээнбеков кыргыз элим оңолсо экен, кыргыз элим байыса экен, кыргыз элим жетишсе экен деп, эл үчүн бардык нерсеге даяр турган, эл үчүн билимин, сөзүн арнаган, кыргыздын чыгаан жигити эле..."

Аскар Акаев президент болгондон кийин Сатыбалды Жээнбековду биринчилерден болуп, Улуттук телерадиокорпорацияга төрага кылып дайындады. "Быкы-чыкыда" С. Жээнбеков А. Акаевге жанаша турду. Ал менеджерликти дүйнөлүк телевидениенин тажрыйбасынан үйрөндү. Чыгармачыл журналисттерди, режиссерлорду, операторлорду, сүретчүлөрдү, дизайнерлерди, компьютеристтерди, деги баардык чыгармачыл инсандардын чыгармачылыгын баалап, эмгегине жараша акча төлөдү. Сетка түзүүдө эгемендүү республика экенин унуткан жок. Кылымдап келаткан улуттук дөөлөттөрдү элден алып тарттырып, элге берди. Рөкламага жол ачып, ар бир редакцияга субсчет ачтырды. Реформанын каталыгы болбой койбойт экен. Бир гана айта турган нерсе, С. Жээнбеков бийликте туруп, Акаев өзгөргөн сайын кошо өзгөрбөй койду. Ал чындыктын Дулдулундай, чындыктан жазбады. Бийликти алып койсо да, даңканын чачып, андан ары кете берди. Дикторлуктан баштап, төрагалыкка чей-инки жолу ушундай өттү, бул Сатыбалды Жээнбековдун экинчи байгедегиси эле...

Анын баритон үнү сүйлөгөндө эле жагымдуу, коңур болуп тургандай, ырдаганда өтө кооз болор эле. Гитаранын кылдарындай музыкалуу болуп, тоо суусундай шаңдуу жана күркурөп турчу. Ал Аалы Токомбаөвдин "Үч чындык" деген ырына обон да чыгарган, аны өзу аткарып, кыргыз радиосунун фондусуна жаздырып да коюлтур. Ал жөнундө көрсөтүү даярдаганда А. Чикеевдин "Сен мени оорубайт дел ойлойсуңбу" деген ырын аткарганын кассетадан таптык. Бирок, көл ырларды даярдап, жаздырууга убактысы аз болгон көрүнөт. Бул саамда өзүн байгеге кошо албады.

Публицист журналист катары диктор болуп жүргөндө, "Кечки кеп" деген көрсөтүү ачты, "Кечки кепте" алып баруучулугунда, езгөчөлугү, чукугандай суроолорду түзгөнүндө сөз жок эле. Маектешүу учурунда билими тереңдиги билинип, көрсөтуүгө шыкак даярдаганы көрүүчүлөрдү ыраазы кылчу.

Теледен кеткенден кийин газеталарга "Молдо Кара" деген псевдоним менен публицистикалык макалаларын жарыялай баштады. Ошол макалаларында Майрам Акаева жөнүндө биринчи сын айткан да С. Жээнбеков болгон. Газеталарда кайым айтыш макалалар болуп, Молдо Кара белгилүү жазуучу, белгилүү журналисттерди апкарыта жазды. Эмнеси болсо да публицистика майданында журналист Кубат Мамбеталиөв аны өтө жогору баалап жүргөнү жөн эмес.

Элдин жашоосундагы күрөө тамырды публицистикалык макалалары менен чагылдыра баштады. Эл аны баалап, делутаттыкка көрсөттү. Эл менен жолугушууларда чыныгы жүрөгүндөгүсун айтты, элге көңүлундөгүсүн бүт төктү. Ал чынында жасалма сүйлөгөндү жаман көрчү. Бир жолу өтө көп калк менен жолугушууда мындай деген суроо берилди:

"Сатыбалды Жээнбеков, бардык эле депутат боломун дегендер, болуп көрбөгөн убадаларын беришет экен, сиз дагы ошентпейсизби?"

Жооп: "Менин акчам жок, эч кимге эч нерсе куруп бербейм, бирок, мен силер менен чогуу журөмун, силердин укугуңарды коргоймун, эгерде берген убадамды аткарбасам, мага бир метр жип жетет. Аны алып келип, силердин алдыңарда өзүмду өзүм асып коем", - деди. Эл ишенди, Сатыбалды Жээнбековду экиичи турга өткөруштү.

"Сатыбалды Жээнбеков депутаттыкка өткөрулбөсүн" деген ак үйдөн көрсөтмө болду. Депутаттыкка шайлоо эки ай болсо, С. Жээнбеков үчун алты ай болду. Сузактыктар бүт аттанышты, эл көшөрө баштады, акыбал курчуду, шайлоо жыйынтыгын айтпай туруп алышты. Облусттун борборуңда активдер менен Сатыбалды Жээнбековдун жолугуусу болду. Ошол кездеги мамлекеттик катчы Жумабек Ибраимов барды. Тоолук сузактыктар аттаныл келишип Жалал-Абад шаарын курчап калышты. Жыйынтыгы чыгарылды. Сатыбалды Жээнбөков депутат болду.

Бул анын алдына ат салбаган учүнчу байгедегиси эле. Бирок, ал депутат болуп көп иштеген жок. Анын күтүүсүздөн болгон өлүмү эл арасында ушул күнгө чейин табышмак бойдон калып келе жатат. Депутат болуп турганда, бир да депутат президент Аскар Акаевге андай таамай суроо бере алган жок. Эл алдына кайрадан барып жолугушканда, ташка тамга баскандай сүйлөгөн депутат болду. Кудайдын буйругуна айла жок, аны акыркы сапарга узатарда Сузак өрөөну бүт өкуруп туштү. Коштошууга келген элдин баш-аягы көрунбөй калды. Айрым маалыматтарга каратанда Сатыбалды Жээнбеков менен коштошууга он беш миң киши келди дешсе, айрымдарда отуз миң дешет. Эмнеси болсо да калдайган эл, өлумгө баш ийип турушту.

Мен Кара-Алма капчыгайынын устүндө эмес, Чылмайран тоосунда жалгыз отуруп ушул эскерүүмдү жаздым. Чылмайран тоосу ажайып кооз гана эмес, ыйык тоо, бул жерге Манас бабабыздын апасы Чыйырды апа коюлган дешет, бул жерде аруу махабаттын бийиктигин даңазалаган “Олжобай менен Кишимжан" окуясы болуп өткөн. Мен бугун эми Чыйырды апага. Чылмайран атага, Олжобай баатырган, Кишимжан сулууга, Сатыбалды кашкөйгө багыштап куран түшүрөт экенмин. О дүйнө кеткен чыгаандардын бардыгы тынбай жер шаарын айланып, өэдөрүнүн даңазасы менен элге улгү, кымбат, асыл болуп баратышат. Алардын ири алдысында чындык дулдулу, кыргыздын эскайран уулу Сатыбалды Жээнбеков баратат...

Сыдык АКМАТОВ, 21-ноябрь, 2008-жыл

Булак: NazarNews.kg

Последние новости