www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медициналык кызматкерлердин кадрдык резервин түзүү жана аларды тийиштүү окутуу – саламаттык сактоо тутуму үчүн маанилүү маселелердин бири. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Бороновго таянып, өкмөттүн маалымат кызматы жазып чыкты.

Ал Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин өз мөөнөтүндө жана сапаттуу ишке ашыруунун зарылдыгын белгиледи, анын бир пункту катары медициналык адистердин кадрдык резервин даярдоо маселеси саналат.

«Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тутуму Бишкекте коронавирус дартына чалдыккандардын саны кескин жогорулашынан улам белгилүү кыйынчылыктарга дуушар болууда. Медициналык кызматкерлер күнү-түнү үзгүлтүксүз иш алып барууда. Мындан тышкары, акыркы күндөрү ооруга чалдыккан медициналык кызматкерлердин саны өсүүдө. Бул саламаттык сактоо тутумунун ишине өз таасирин тийгизүүдө», - деди Өкмөт башчы. 

Кыска мөөнөттө медициналык билим берүү мекемелеринин кызматкерлеринин жана ординатурада жана интернатурада окуп жаткандардын катарынан медициналык адистерди даярдоо милдети коюлган.

Кубатбек Боронов Бишкек жана Ош шаарларында тийиштүү иш алып баруу зарылдыгын баса белгиледи. 

«Биздин саламаттык сактоо тутумубуз күз-кыш мезгилдеринде оорулуулардын саны жогорулоо ыктымалдыгына даяр болушу керек. Ар бир облуста медициналык кадрлардын резервин даярдоо абдан маанилүү», - деди Премьер-министр.

Последние новости