www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
10-июнда Европа биримдигинин (ЕБ) Нур-Султан шаарындагы өкүлчүлүгүнүн алдына чогулган он чакты киши өткөн жумада кармалган үч активистти бошотууну талап кылышты. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыкты.
6-июнда Казакстандын бир нече шаарында өткөн нааразылык акцияларынын алдында элди митингге чыгууга чакырган деген айып менен активисттер Руслан Нурканов, Айбек Сабитов жана Дархан Умирбаев кармалып, 10-15 суткага камакка алынышкан.
Казакстанда адам укуктары бузулуп, сөз эркиндиги сакталбай жатканын айыптаган акция катышуучулары ЕБ өлкөлөрү аларды угат деген үмүттөрүн билдиришти. Алар колдоруна «Евробиримдик, казак эли менен чогуу бол!!!» деген плакаттарды кармап алышкан.
Акцияга чыккандар жакында эле кабыл алынган «Тынч жыйындар тууралуу» жаңы мыйзамды сынга алышты. Ага ылайык, бийликтин уруксаты жок акцияларды өткөрүү, аларга катышуу үчүн каралган жазалар катаалдашкан.
ЕБ өкүлчүлүгүнүн алдына келген полиция кызматкерлери акция катышуучуларын кармап кетишти.
Бийлик 6-июнда полиция бөлүмдөрүнө 53 киши жеткирилгенин билдирген. Алардын ичинен жети жаранга айып пул салынып, бирөөнө эскертүү берилген, калгандары «профилактикалык маектешүүдөн» кийин бошотулган. Мындан тышкары эки кишиге карата «Бийлик өкүлүн кемсинтүү, зомбулук көрсөтүү» беренеси боюнча тергөө иштери башталганы кабарланган.
Укук коргоочулар менен байкоочулардын маалыматына караганда, 6-июндагы нааразылык акциялардын 270тен ашык катышуучусу кармалган.
Булак: NazarNews.kg