www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абадда аял бир жашка толо элек кызын жолдошуна ачуулангандыктан сабап салган. Бул тууралуу NazarNewsка Жалал-Абад ОИИББинен билдиришти.
Видеотасма интернет желелерине тарады.
Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 9-июнь күнү Жалал-Абад шаарынын 1991-жылы туулган Х.Н. тургуну ажырашып кеткен күйөөсү - Өзбекстан Республикасынын 1992-жылы туулган жараны О.А. менен телефон аркылуу урушуп кеткен. Ошол учурда Х.Н.нын 2019-жылы туулган кызы ыйлап, тынчын ала бергендиктен, ачууланып: «Сенин атаң сага карашканы акча салбайт, мен сен үчүн тилемчи болуп бүттүмбү?» - деп кийимин алмаштырып жатып тилдеп, чаап, тамагынан кармап бууп, РФда жашаган атасына WhatsApр социалдык тармагы аркылуу видеого тартып жиберип салган.
Бул факты Жалал-Абад ШИИБинин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 143-беренеси (Кыйноо) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Учурда сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында териштирүү жана тергөө иштери жүрүп жатат.
Булак: NazarNews.kg