www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биздин редакцияга Нуралы уулу Бактыбек мырза учурдагы РФ иштеп жүргөн Мекендештер жөнүндө маалымат берди. Ал, 

Москвада жүргөн мекендештердин бири Т.И.Султакановдун иши боюнча келгем. Ал боюнча туура эмес чечим чыгып калды. Аны өзү өлүп алгандай кылып коюшту. Андай эмес, ал киши колдуу болгон. 2017-жылдын 18-апрелинди болжол менен саат 03.00 мүнөттө, биздин жердешибиз Т.И.Султакановдун моюн жагына эки жолу бычак менен урушкан. Ошондой эле далысы жакка да жетиден кем эмес бычак менен урулган. Андан кийин чогуу чаран 17-кабаттан ыргытып жиберишкен. Тагырагы, Москва шаарындагы Сочинская көчөсүндөгү 5-үйдөгү 176-квартирада белгисиз адамдар менен чогуу болгон. Анан ошол үйдүн 17-кабатынан ыргытылып атат да. Ушу боюнча бул жактагы Орусиянын элчилигине кат даярдадык.

Негизи эле жардыруудан кийин орустар биздин мигранттарга далысын сала баштады. Ал шылтоо. Анткени жардырган бала Орусиянын жараны, анда да өзбек улутундагы бала болуп чыкпадыбы. Ушинтип турганда уялбай паспорттогу графадан улутту алдырып жатабыз. Бу туура эмес! Улутубуздун билинип турганы жакшы болчу. Эл менен эсептешпей эле бийлик бардык нерсени өзү чече баштады»,-деп кейиди Нуралы уулу Бактыбек.  

P.S. Т.И.Султакановдун табышмактуу өлүмү боюнча биз дагы Бактыбек мырза менен кошо иликтөөнү баштадык. Жыйынтыгын беребиз.

Кызгалдак Жакыпова

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости