www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёевдин Кытайга жасаган сапары учурунда 23 миллион долларга тете 105 документке кол коюлду.

Жергиликтүү ММКлардын кабарлашынча, энергетика, мунайды кайра иштетүү, электростанцияларды модернизациялоо, айыл чарба жана транспорт тармагы боюнча документтерге кол коюлду.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев Кытайга 13-майда кеткен. Ушул тапта ал Пекиндеги “Бир алкак –бир жол” аттуу эл аралык форумга катышууда.

Кытай учурда Өзбекстандын эң ири өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. 2016-жылы эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү 4,2 миллиард долларды түзгөн. Шавкат Мирзиёев Пекиндеги сапарынын жыйынтыгында 2017-жылы өзбек-кытай ортосундагы товар жүгүртүү 5 миллиард долларга жетерин белгиледи.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости