www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Түркмөнстандын Кыргызстандагы элчиси Шадурды Мередов менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар 2021-жылдын 27-28-июнунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон расмий сапарынын алкагында эң жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.

Н.Ниязалиев жана Ш.Мередов аталган сапар стратегиялык өнөктөштүктө негизделген кыргыз-түркмөн мамилелеринин өнүгүүсүндө дагы бир тарыхый этабы болуп калгандыгы жөнүндө бир пикирде болушту.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты тереңдетүү, инфратүзүмдүк долбоорлорду, анын ичинде соода, инвестиция, энергоресурстарды жеткирүүнү ишке ашыруу маселелерин карап чыгышты.

Жогорку жана эң жогорку деңгээлде өтө турган эки тараптуу жана көп тараптуу иш-чараларды даярдоого жана өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости