www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда «Аалым Чубак ажы Жалилов» атындагы мечит ачылат

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылында «Аалым Чубак ажы Жалилов» атындагы мечит ачылат. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-июль күнү Жалал-Абад шаарында дин аалымы Чубак ажы Жалиловдун жаркын элесине арналган «Өчпөс өмүр» илимий конференциясы өтөт. Иш-чараны Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Кыргызстан Ислам университети уюштуруп жатат.

Анын алкагында Чубак ажы Жалиловдун өмүр таржымалы, агартуу жаатына кошкон салымы жана эмгектери тууралуу баяндамалар жасалып, кыргыз аалымдарынын басып өткөн жолу боюнча маалыматтар айтылат.

Ошондой эле 17-июль күнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Барпы айылында «Аалым Чубак ажы Жалилов» атындагы мечиттин ачылыш салтанаты болот.

Белгилүү дин аалымы, мурдагы муфтий Чубак ажы Жалилов 2020-жылдын июль айында пневмониядан каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости