www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы учурда социалдык тармактардын өнүгүүсү менен бирге коомчулук өз пикирин кенен жазып, маалыматтар менен бөлүшүүгө жакшы шарт түзүлдү. Дүйнө жүзүндөгү ааламдашуунун доорунда ар бир улуттун маданий баалуулугуна коопсуздук жаралып, күчтүүлөр алсыздарга маданиятын сиңирүү менен алек болуп жаткан убак. Ушундай аракеттер ар бир улуттун өкүлдөрүн тынчсыздандырбай койбойт. Коомубузда улут үчүн жанын берген, баалуулуктарын сактап калууга аракет кылган жарандарыбыздын саны күндөн-күнгө азаюуда. Алардын бири Фейсбук социалдык баракчасынын колдонуучусу Нурбек Досмамбетов, мекендештерге кайрылуу иретинде өз пикирин калтырган.

- Мекендештер! Азыр дүйнөдө геосаясат деген саясат бар. Кыргызча айтканда дүйнөнү кайра бөлүштүрүү. Бул бизге окшогон майда өлкөлөрдү, күчтүү өлкөлөр өз таасиринде кармоо. Азыр мурдагыдай курал менен басып алуу жок, азыр экономикалык, финансылык, башка тынч бирок, таасирлүү жолдорду колдонууда.

Айталы Америка бир колу менен пряник карматып, экинчи колу менен муштумун көрсөтсө, Орусия дүйнөнү газ, нефть трубалары менен жөргөмүштөй чырмап өз эркин таңуулоодо. Европа илимий техникалык кубатын, күчтүү экономикасын колдонуп таасир кылса, Кытай карызга акча аянбай берип, акча менен өз жумушчуларын кошо киргизип, баш бакса төр талашкан адатын карманууда. Түрк дүйнөсү тууганчылыгын бетке кармап, күн тийген жерден орун издөөдө. Араб дүйнөсү исламдын күчтүү таасирин колдонуп, булар да өз үлүшүн ээлеп калуунун аракетинде.

Күчтүү өлкөлөр адам ресустарын гана эмес,жаратылыш байлыктарын, жерди, кенди, сууну,болгон ырыскынын баарын өз кызыкчылыгына өзү каалагандай пайдаланууга кызыкдар. Бул максаттар үчүн өлкөдө өздөрүнүн окуу жайларын ачууда, жаш перспективдүү, акылдуу мээлерди (мозг)чет өлкөгө алып иштетүүдө. Тың жигит-кыздар чет өлкөлөргө жан багуу үчүн чыгып кетишти. Элестет, 5-10-жылдан кийин булар кимдин ырын ырдарын. Өлкөдө китеп бетин ачпаган сабатсыздар, кырдаалды жеке максатына пайдаланган аферисттер, бирди бирге уруштуруп пайда тапкан алып-сатар мошенниктер,  жалкоолор, анан же тиякка же биякка батпаган момундар калдык.

Мына ушул катмардан күчтүү өлкөлөр өздөрүнүн бешинчи колоннасын түзүп алышты. Көрүп атасыңар, эки күндүн биринде митинг кылып арадай жерге чарадай чыр салып аткан Американын бешинчи колоннасын. Бир ооз кыргызча билбей өзү да, руху да орус болуп калган киргизбайларды. Европанын культурасын туу туткан дардаңбайларды. Баарынан коркунучтуусу өз ою жок, ээрчиме, сабатсызы арбын, араб маданиятына баш оту менен кирип алган, башка улуттун идеялогиясын туу тутуп алган кыргыздардын калың тобу. Америка, Европа, Орустарды жактаган жаат кожоюндардын көрсөтмөсү менен аракеттенип саясатка, экономикага, бийлик түзүлүшүнө карата иш аракеттерин жүргүзсө, араб маданиятын жактоочулар түздөн-түз кыргыз баалуулуктарына, салтына, ырым-жырымдарына, жөрөлгөсүнө атайлаппы же “стихийнобу”, айтор айоосуз чабуул коюуда. Ата-бабадан келе жаткан улуттук баалуулуктарды, маданиятыбызды, эпосторубузду, салттарыбызды, мазарларды, ырым-жырымдарды, макал-ылакаптарды, туу туткан ыйык баатырлабызды жээрип, ширк дешип жокко чыгаруу аракеттери бул улутту жоготуу аракети. Адатка айланган сөөк коюу жөрөлгөсү өкүрүп келүүнү, кошок кошууну, мал союуну тыюу, башка ырым-жырымдарды тескөө майда барат иш эмес. Башталат баары майдадан, байкабайт аны майда адам дегендей, майдадан башталган иш акыры чоң кесепеттерге алып келиши мумкун. Укчукпай баарына көнө берсек эртен кийимин, тилин таңууласа, улуттук музыка, төкмөлүк өнөрдү тыйса, улуттук спортту, оюндарыбызды ширкке чыгарса, биз кимге айланабыз? Жакынкы жуз жылда араб өлкөлөрүндө алардын негизги байлыгы нефть түгөнөт. Нефтинин эсебинен арабдар аябай байып, жалкоолорго айланып калган. Же жакынкы жылдары эле дүйнө энергетиканын башка түрүнө өтсө, бай бирок жалкоо арабдар, бизге окшоп баш отубуз менен алардын идеологиясына кул болуп алган элдерге агылып, аралашып баш-көз болуп албайт деп ким кепил болот?

Азыр улуттун жок болуу коркунучунан кыргыздарды миң жылдап сактап келген улуттук салт-санаа, биримдик, ынтымак гана сактап кала алат. Жети атаны билүү, генди таза кармоо, ата-баба калтырган макал-ылакаптардагы эрежеге өтүү, жаш муунга санжыраны билүүнү, үрп-адатты колдонууну, ырым жырымды кармоону үйрөтүү, аталар ыкмасы менен тарбиялоону колго алуу аба-суудай зарылчылык. Жүз акылсыз адамдын ичинде бир даанышман адам болсо, улут өлбөйт дегендей,кыргыз ичинде таза улутту сүйгөн адамдар биригип, баш кошуп, агартуучулук миссияны баштап,  зор күч-аракет жана билгичтик менен аракеттенип, улутту бириктире алсак, бизге эч кандай күч коркунуч кыла алмак эмес. Кыргызга бир туунун алдында, тирүү болсо бир дөбөдө, өлсө бир чуңкурда боло турган учур келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости