www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурунку премьер-минитр Сапар Исаковду тергөө изоляторунан түзөтүү колониясына которуп жатышат. Бул тууралуу Vesti.kg  басылмасына анын жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирди.

Анын айтымында, бул тууралуу расмий маалымат бериле элек.

“Маалыматты расмий эмес булактардан алдым. Мен Биринчи Май районунун судьясынан СИЗОго кырдаалды тактоо өтүнүчүн жөнөтүүнү талап кылдым. Бирок, судья баш тартты”,-деп билдирген жактоочу.

Адвокат Исаковду колонияга өткөрүп берүүгө болбойт деп эскертти. Анткени Тарых музейи жана Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду реконструкциялоо боюнча сот иши бүтө элек.

“Мындан тышкары, бийликтегилер менин кардарымды криминалдын таасиринен коргоо үчүн чараларды көрүшү керек эле, анткени ал мамлекеттик сырды алып жүрөт”,-деп Токтакунов кошумчалады. 

ЖАМКтын басма сөз кызматы бул маалыматты тактап жатышканын  кабарлашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости