www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөбүздө илдеттен каза болгондор кимдер? Маалымат

Өлкөдө 22-апрелге карата коронавирус аныкталган жарандардын саны 612ге жетти. Өлкөбүзгө илдет кирген күндөн, 18-марттан бери жалпы 7 киши бул илдеттен каза болду. Алгачкы өлүм илдет катталгандан 16 күн өткөндөн кийин катталган. Төмөндө илдеттен каза болгон бейтаптар тууралуу биле аласыз:

3-апрель: Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасында 61 жаштагы бейтап вирустан каза тапты. Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткандыгы жана бейтапта дагы башка өөрчүп кеткен оорулары бар болгондугу кабарланган.

4-апрель: Ош облусунун Ноокат районунда 80 жаштагы дагы бир бейтап көз жумду. Ал коронавирусту чет өлкөдөн жуктуруп келген.  Ага бардык тийиштүү чаралар колдонулуп, дарыланып жаткан. Бирок кокустан анын абалы оорлошуп, жүрөк оорусу кармап каза болгону айтылган.

6-апрель: Ош облусунда коронавирустун кесепетинен дагы эки мекендешибиз көз жумуп, алардын жаш курагы, вирусту кандай шартта жуктуруп алып, кайсы ооруканада дарыланып жатканы боюнча ачык айтылган эмес.

10-апрель:  Илдеттен 1 жаран каза болуп, жалпы саны 5ке жеткен.  Маркум Ноокат районундагы оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатканы, жашы 87 экендиги айтылган.

20-апрелге карата өлкөдө коронавирустан эки бейтап каза болгон. Маркумдардын бири - Чүй облусунун 70 жаштагы тургуну болсо, экинчиси Ош шаарынан 79 жаштагы жашоочусу. Каза болгон жарандардын өнөкөт оорулары дагы болгону белгилүү болгон.

Мындан тышкары Пакистанда жүргөн 72 жаштагы мекендешибизден вирус аныкталып, ал 9-апрелде каза болгонун Тышкы иштер министрлиги ырастаган. Ал эми республикалык штаб тарабынан маркум карантинде жатканын, ал жүрөк оорусунан каза болгонун кабарланган. Маркумдун коронавируска тапшырган экинчи тестинин жыйынтыгы күтүлүп жаткан. Анын башка өнөкөт илдеттери дагы болгонун билдиришкен.

Эске сала кетсек, бүгүн, 22-апрелге карата илдетти жуктургандардын саны 612ге жетип, анын 254ү сакайган. 
Булак: NazarNews.kg

Последние новости