www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда коронавирус илдетинен өз алдынча дарылануу фактылары катталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн-брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, коронавирустан каза болгондорду жана айрым оор абалдагыларды анализдеп, оорулардын таржымалын карап чыкканда, өз алдынча дарылануу фактылары катталууда.
“Бул оорунун күчөшүн, жаман жакка бурулушун шарттайт, алардын көбү жандандыруу бөлүмүнө түшүп калууда. Арасында ар кандай чөптөрдү кайнатып ичкендер бар, өз алдынча дарыланууга болбойт. Оорунун белгилери аныкталары менен бизге кайрылып, дарыгерлерди чакырыңыздар”, – деди ал.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 27-майга карата коронавирус жуктурган 52 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1520ны түзөт. Алардын ичинен 1043 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 16 адам каза болду.
Булак: NazarNews.kg