www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 20-апрелде саат 9дан баштап Польшадан келген медициналык топ Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында иш алып барышат. Бул тууралуу онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
“Алар дарыланып жаткан бейтаптарга жардам берип, биздин медициналык кызматкерлер менен чогуу иш алып барышат. 24-апрелге чейин Бишкекте болушат. Андан кийин Ош шаарындагы ооруканаларга жана Жалал-Абаддагы ооруканаларга барып, бейтаптарды дарылоо процесстерине жардам беришип, кеп-кеңештерин айтышат”,-деди министрдин орун басары.
Ал ошондой эле Кытайдан дагы дарыгерлердин тобу келе жатканын билдирди. Кытайдан келген дарыгерлер лабороториялык тастыктоолордун деңгээлин көрүшөөрүн айтты.
“Дарыгерлерди окутуу, даярдоо процесстерине баа берип, дарыгерлерге кеп-кеңештерин берет” – деп кошумчалады Нурболот Үсөнбаев.
Булак: NazarNews.kg