www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол шаарында үй обсервациясынын талабын бузган адам аныкталды. Бул тууралуу NazarNews.kgге Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.

Мурда белгилегендей, аба-ырайынын жылышы менен Каракол шаарынын тургундары элементардык карантиндик эрежелеринин талаптарын бузушуп, зарылдык болбосо да көчөлөргө чыгуу учурлары байкалууда. Ушундан улам, областтык милициянын жетекчиси Улан Асанбаев, өзүнүн көрсөтмөсү менен башкармалыктын жана Каракол шаардык милициясынын өздүк курамын түшүндүрүү иштерин күчөтүүгө багыттагандыгы айтылды.

"Эки күндүк иш-чарада милиция кызматкерлери тарабынан мөөнөттөрү өтүп кеткен  өткөрмө кагаздары менен жүрүшкөн 78 айдоочу аныкталды. Айрым айдоочулар автоунааларын шаар ичинде жасалма өткөрмө кагаздары менен айдап жүрүшкөн учурлары да белгилүү болду. Аталган айдоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алар жашаган жерлерине кайтарылды.

Ошондой эле, 19-апрель күнү түшүндүрүү иштерине тартылган милиция кызматкерлери тарабынан чектөө иш-чаралардын талаптарын бузуу фактысы аныкталган. Алып айтканда, Каракол шаарынын 37-жаштагы тургуну С.Н., даарыгерлердин көрсөтмөсү менен үй обсервациясына жаткырылганына карабастан, үйдөн шаарга чыгып кеткен.

Аталган факт Каракол ШИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн териштирүү иштери жүрүүдө.

Ысык-Көл облусунун милициясы жарандардан карантиндик режимдин талаптарын сакташын жана даарыгерлердин берген кеӊештерин аткарышын өзгөчө өтүнүү менен эскертет. Өзгөчө кырдаал мезгилинде балдарыӊарга негизги көӊүлдү бурууну зарыл экендигин унутпаӊыздар.

Сиздердин коопсуздуӊуздар жана саламаттыгыӊар – биздин негизги милдет!",-деп айтылат маалыматта.

 вапиваивапивапиваивпитвтвативпритпктаивапиварапривап

 оноргтнртнротортпторонрн

Булак: NazarNews.kg

Последние новости