www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин жеке ишкер Урмат Барыктабасов Ысык-Көлдө жайгашкан мейманканасын илдет жуктургандарга обсервацияга бекер бере тургандыгын билдирген. Ал бул ирет бийлик башчыларына кайрылуу жолдоду. Ишкердин сөзү төмөндө өзгөртүүсүз берилди.
"Урматтуу Президент!
Соронбай Шарипович!
Урматтуу премьер министр!
Мухаммедкалый Дүйшекеевич!
Менин сиздерге кайрылуумдун себебин айтып берейин. Чет элде толтура жарандарыбыз келе албай жатат, алар бизге керек. Алардын акчасы да түгөндү. Бул жерде толтура эл эмне кылаарын билбей, акчасы түгөнүп жатат. Эл баарыбызга керек. Кумтөр сатылсын деген уран чыгып кетти. Мен каршымын... Кумтөр элдики, турсун. Карыз да сурап жатасыңар.
Кумтөр менен келишип менин Балыкчыдагы эки имаратымды саткыла.
Балыкчыда Кумтөрдүн ишканасы жайгашкан, керектеп алат.
Мен элим менен бөлүшөйүн. Имараттарды Кумтөрдүн жетекчиси менен сатып алганга сүйлөшүп бергиле.
Сатыктан түшкөн акча элдин керегине жарасын, Элиме берейин.
Жаратканым да, Элим да ыраазы болсун.
Бир топ эле каражат болуп берет.
Элим да, өкмөт да, кайтарбай эле койсун, кайтса Жаратканымдан кайтаар.
Башым аман болсо, андай имараттын жүзүн салам.
Урматым менен Балыкчы шаарынын тургуну Урмат Барыктабасов.
Менин байлыгым Эл",-деп жазган Барыктабасов.
Булак: NazarNews.kg