www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Нургазы Мусаев өзүнүн баракчасына коронавирус илдети тууралуу бийликке сунушун жазып чыкты.

"Короновируска өтө коркунучтуу өң берип, такыр эле жан алгыч көрсөтүп коюшту. Андан көрө "бул оору илгертен бар, быйыл башкача бир катуу формасы чыкты, ооругандардын 10 дон тогузу айыгат, ичер суусу түгөнгөн болсо айла жок" деп, анан Балтабай же Тешебай, Алмагул же Карагат ооруп жатат деп ачык айтып коюшса, экспертке бай эл бири-бирибизге кеңеш берип отуруп эле айыгып кетмек экенбиз. Катуу ооруларды болсо, врачтар карамагына алмак.

"Кыргыздын акылы көзүндө!". Кыргыз көрмөйүн ишенбейт. Бирок пир туткан адамы айтса, ишенет. Мисалы, Чубак ажы айтса, ишенет. Ошондуктан тээ апрелде эле: "Мына мобу мекендешибиз ооруп жатат. Абалы оор. Өлүп калышы да мүмкүн. Бирок сакайат, куда кааласа", - деп ачык көрсөтсө, биздин эл чындап өзүнө кам көрүп, этияттамак. Масканы кабаттап тагынмак. Атүгүл маскадан да мыктысын ойлоп тапмак.

Короновирус боюнча өтө коркунучтуу эле элес турду баарыбызда. Журналисттер, блогерлер ооруга чалдыгып, бизди моминтип дарылап жатышат деп ачык жазып, видеолорун чыгара башташканда гана көп нерсеге көзүбүз ачылды. Врачтар төртүнчү бийлик өкүлдөрүн мурда эле жардамга чакырышса болмок экен. Ооруп жаткан журналисттер ооруканага жатары менен кабар берип башташты го, чиркин. Мисалы, Ибраим Нуракун уулу жөн түшүндүрбөй, жамактатып ыр менен менен түшүндүрүп жатат Токмокто.

Журналисттердики кесиптик оору да. Көргөнүн, башынан өтүп жаткан окуяларын ошол замат айтпаса, ооруп калышат. Алардын айткандарын угуп, окуп отуруп, айрымдары менен телефондон сүйлөшүп көрүп, врачтар короновирусту дарылоодо Америка ачышпагандыгын, бирок аябай көп жүктү мойнуна алып алгандыгын түшүндүм. Анан да короновирус кадимки грипптей, пневмонаниядай дарыланарын көрдүм. Бүт дүйнөгө жар салбай эле өз күчүбүз менен дарыласа болчу илдет экенин түшүндүм.

Андан да башкысы иммунитети күчтүү адамга бул оору жолобостугуна жүз пайыз ишендим.

Эл ичинде муну дарылоонун толтура ыкмалары, дарылары бар экенин, толтура кеп-кеңешти күнү- түнү карапайым эл эле берип жатканын көрүп жатабыз.

Бул ооруну жан алгычтай көрбөй, айыгууга болгон ишенимди биринчи орунга коюу биринчи шарт экен.

Мен жакшы тааныган 3 адам короновирустан үй шартында эле дарыланып, 3 күндө айыгып кетти. Аларды эл душманындай көргөн эч ким деле болбоду.

Короновируска болгон подходду өзгөртүп, дарылоо ыкмаларын ачык айтып, муну дарылоо врачтардын гана эмес, жол жобосун так аткарган ар кандай адамдын колунан келерин жар салышыбыз керек деп ойлойм.

Андан да башкысы тээ Уханда чыккан короновирус мутацияланып отуруп, азыр күчүн жоготуптур. Короновирустан Кытайдагыдай көчөдө эле тоголонуп өлүп калган адамдар жок экен азыр.

Бул иш боюнча маалымат компаниясын кандайча жүргүзүү боюнча өз концепциямды да иштеп чыктым.

Эгер бийлик керек десе, колдон келген жардамымды ыктыярдуу түрдө берүүгө даярмын", - деп жазган Нургазы Мусаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости