www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шотландиянын Глазго шаарындагы "Park Inn" мейманканасынын кире беришинде бычакчан адамдын кол салуусунан үч киши мер болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Алдын-ала маалыматка ылайык, полиция кол салган адамды атып өлтүрдү. Окуяда бир полиция кызматкери жараат алды. Бычак көтөргөн адамды бул кылмышка эмне түрткөнү азырынча белгисиз.

Мейманкананын имараты кайтарууда турат, шаар полициясы кырдаал көзөмөлдө экенин, жарандардын өмүрүнө коркунуч туудурган жагдайдын жоктугун маалымдады.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон "үрөй учурган окуядан улам катуу кайгырып турганын", ал мерт болгон жарандар менен алардын үй-бүлөлөрүн ойлоп жатканын айтты.

Өткөн аптада Британиянын түштүк-чыгышындагы Рединг шаарындагы паркта дагы кол салуу болгон. Анда да үч киши бычак жеп, набыт болгонун жазышты. Полиция окуяны терроризм менен байланыштырып жатканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости