www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гүлшат Асылбаеванын чуулгандуу мыйзам долбооруна спортчу Дастан Шаршеев дагы өз пикирин билдирди.

Өз сөзүндө спортчу сөз эркиндигин чектөөгө каршы экендигин айтты. Асылбаеванын мыйзам долбоорун колдогон депутаттарды “саткын” деп атап, элди акчага алданбоого чакырган. “Ошонун сөзүн колдогон депутаттар, силер саткынчысыңар. Силердин атаңар да ошондой кыргызга душман болгон. Кыргызды сатып, жеп келип, силерге берген. Силер пайда болгонсуңар. Силер атаңардан калган тарбияны колдонуп жатасыңар”, - деп айткан Шаршеев өз сөзүндө.

Эске салсак, 25-июнда Жогорку Кеңеш Гүлшат Асылбаеванын “маалыматты манипуляциялоо” жөнүндө мыйзам долбоорун кабыл алган. Расмий маалыматтар боюнча, добуш берүүгө 89 депутат катышкан. Анын 79у макул, 10у гана каршы добуш беришкен. Бирок Дастан Бекешев социалдык тармагы аркылуу билдиргендей, жыйынга чындыгында аз депутаттар катышкан. Журналисттер УКМКга кайрылып, кесиптештеринин ордуна да добуш берген депутаттарды жазалоону талап кылышты.

Буга чейин жыйынга катышпаган депутаттар үчүн берилген добуштарга байланыштуу төрага Дастан Жумабековду жана депутат Сайдулла Нышановду сотко беришкен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости