www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия Индияга көңүл айтты

Түркияда Индияда чагылгандын кесепетинен каза болгондорго байланыштуу көңүл айтуу билдирүүсүн жарыяланды. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Уттар-Прадеш жана Бихар провинцияларында чагылгандын айынан 100дөн ашуун адамдын каза болушу катуу капага салганы белгиленди.

«Биз кырсыктан каза болгон адамдардын туугандарына жана Индия эли менен өкмөтүнө чын жүрөктөн көңүл айтабыз»,- деп жазылган маалыматта.

Эске сала кетсек, Индиянын ар кайсы жерлеринде чагылган түшүп, анын кесепетинен 116 адам каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости