www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда гана эмес, бүт дүйнөдө алдамчылык, көз бойомочулук боюнча эң биринчи орунда саясатчылар, экинчи орунда массалык маалымат каражаттары турат. Уинстон Черчилль партиясын эки жолу өзгөртүп, бул боюнча суроо бергендерге "Я в той партии, которая за народа", - деп суудан кургак чыккан.

Кечээ, Атамбаевди көкөлөтүп отурган ММКлар, ошол эле журналисттер бүгүн ошол эле Атамбаевди жерден алып көргө уруп отурат. Ошондуктан акылман кыргыз бок дүйнө деп койгон бул жашоону. Өтөр-кетер кубулма дүйнө.

Саясатчылар үчүн кызыл кыргын болуунун кажети жок. Алайдагы Жаркынбай Кошбаев акем айткандай, саясатчылар эшектин тезегин деле бербейт. Алардын жүзү, атүгүл үнүнүн тону 4-октябрь күнү бюллетендер саналып бүткөндөн кийин эле өзгөрөт. Анан 5 жыл көрбөйсүң. Барсаң жазылып, жалынып-жалбарып жүрүп киресиң. Негизи эле бизде нерв коротуп, ден соолугуңду садага чабууга татыктуу бир да саясатчы жок.

"Ата Журт" партиясы деп жүрүп жакын досум жүрөгүнөн инфаркт алып өлдү. Партия көңүл айтып койгонго жараган эмес. Ошондуктан, замандаштарым, көп берилип алмай жок. Бу ааламда пайгамбарларда гана кемчилик болбойт. Пайгамбарлардын акыркысы өлгөнүнө 1500 жыл болду. Кам сүт эмген пенделер, ар бирибизде кемчилик бар: кыйынсынбайлы, кекетпейли, мокотпойлу, жаман күмөн кылбайлы. Баарын таразалачу Асман канцеляриясы бар.

"Эшегине жараша тушагы" - дейт кыргыз. Өзүбүзгө жараша эле бийлик келет. 90-жылдары мектепти базарда семичке сатып жүруп бүтүргөн муун бийликке келип жатат.
Ошол эле...Тынч бололу...

Нургазы Мусаев, журналист

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости