www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Барган сайын шайлоо шаңын утурлай кызык көрүнүштөр орун алууда. Эл ичинде жана өзүнүн иштеген тармагындагы күчтүү, абройлуу кадрларды бир катар партиялар четинен катарларына тартып тизмелери дээрлик такталып бүттү десек жарашат. Профессионал кадрларды өз катарына тартуу жагынан «Биримдик» партиясы башкалардан кыйла өзгөчөлөнгөнүн белгилеп коелу дедик.

Бир эле мисал, Бишкектин баш милициясы Канат Жумагазиев да «Биримдиктин» катары менен аламанга ат койду. Системадагы «биттин ичегисине кан куйган» опер, формачандар арасында кадыры бийик КанатЖумагазиевди коомчулукка тааныштыруунун кажети деле жок. Барган жерин жаңы сапаттарга көтөрүп, жаңычылдыкка баш салган полковник Жумагазиевдин өзү эмгектенген системадан тышкары, кичи мекени Чүйдө да кадыры бийик экенин Какебиздин ашынган душмандары да тана алышпаса керек. Эмесе, аламанга ат койгон келечектеги генералга ийгилик каалап коелу. Кыргыздын «жылдыздуу шумкары» даңкан сала берсин да.

Булак: Де-факто

Последние новости