www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда акыркы эки жалдан бери аты-жыты жоктору барлары, Райым Матраимовго ач кенедей жармаша калып, мээси иштегени иштебегени, саясатты түшүнгөнү түшүнбөгөнү, чачы май басып, өзүйүн таза жыйа албаганы деле асылып жатып калды. Эми жакында парламенттик шайлоо. Кудай төшүнөн берип, төшөгүн жыя албай жатып, төркүнүндө чоюлгандар Матраимовго сын пикир айткан болуп, социалдык тармакта талкуу жарата берет.

Так ошондой "шакмарчы" такмазачыларга Шамурза Бөрүкулов төмөнкүчө жооп айтты.

--Раим Матраимовдун таасири ушунчалык чоң экен, шайлоого барбаса да, мен-мен дегендердин түн уйкусун бузуп жатат. Генерал атпайларың топтолуп, трайбалист-саткындарың коштолуп, сайраган Мадумарову баш болуп, Раимдин кылганынын бир чекесин да кыла албадыңар. Оозунан эне сүтү кете элек сары ооз балапандардан баштап, өмүр бою саясатта жүрүп, бийлик кызматтарын кучактап, а бирок, эл айтып жүрө турган бир кызмат кылбаган эски карышкырларга чейин Матраимовду “пример” кылганды модага айлантып алышты. Кыргыздар элден чыккан азаматын асманга чыкса бутунан, жерге кирсе кулагынан тартып өстүрбөйт деген сөз туура экенине көзүм жетти. Диктор айтып жатпайбы: "кадыр барк менен капчыктын ортосунда күрөш жүрүп жатат" деп. Башканы айтпаганда да да: "коронавирус жок нерсе" деп элди дүрбөткөн карышкырлар кадыр барк болуп, ал эми ошол оор күндө элине жөлөк, тирек боло алган азамат капчык болуп калабы? Капчыкты толтуруш үчүн да баш керек. Капчык деле өзүнөн өзү толуп калбайт. Капчык толгондон кийин, аны бекитпестен, аппат мезгилде элине чачкан азаматтын кадыр баркы каякта калат? 30 жылдан бери саясатта жүрүп, парламентте депутат болуп, премьер министр кызматын кучактап олтуруп, коррупция менен күрөшпөгөн Мадумаров, эми кезектеги парламентке барса күрөшүп калат дегенге ким ишенет? Бир жарым жыл коопсуздук кеңешин кучактап олтуруп, каралар жөнүндө ооз ачып сүйлөбөгөн адам, бүгүн шайлоого аттанып жатып: "Бийлик криминалга аралашып кетти" дегенин эмне деп түшүнсө болот? Элди куру сөздөрү менен алдай бербей, Раимге окшоп далил менен көрсөтүшө алышабы, кеп ошол нерседе. Үтүр, точкасына чейин ордуна коюп, осмо-сурмасын келиштирип сүйлөштү Кудай алсын, баарыбыз эле билебиз, а Раимдей боло албай кашайып жүрбөйбүзбү, пайдасы жок адамдай болуп...дейт Шамурза Бөрүкулов.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости