www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунда эркек киши өз жээнине бычак сайды. Иштин материалдары райондук сот тарабынан каралып, 2020-жылдын 9-июлунда өкүм чыгарылган.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Арал айылынын тургунуна Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 1-бөлүгү (“Денеге оор залал келтирүү”) боюнча айып тагылган. Алдын алуу чарасы – кармоо.

Тергөө органдарынын маалыматы боюнча, ал 2020-жылдын 23-апрелинде саат 17:30 чамасында мас абалында 2000-жылы туулган жээнин бычактап салган. Себеби ал мас абалында жээнин чакырганда ал келбей койгон.

Жабырлануучу Талас облустук ооруканасына оң жагындагы көкүрөккө бычактан жаракат алган деген диагноз менен түшкөн. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча, бычакталган жараат ден-соолукка олуттуу зыян келтирүү катары бааланган.

Натыйжада, сот материалдарды карап чыгып, айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, аны 6 жылга эркинен ажыраткан. Бирок бул ишке тиешеси бар адамга карата мунапыс жөнүндө мыйзам колдонулуп, соттолуучу бошотулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости