www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги  ырчы, обончу Сыймык Бейшекеев менен баарлашып, БШКнын чечими жана ырчылардын шайлоого аттанышы боюнча пикирин уктук

-Сыймык мырза, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоодо ырчылар үгүт ишке катышпайт деген чечим чыгарды. БШКнын бул чечимине нааразы болгондор да, колдогондор да бар. Сиз кайсыл тарабындасыз?

-Борбордук шайлоо комиссиясынын ырчылар үгүт ишине катышпайт деген чечимди депутаттардын сунушу менен мыйзам токулуп, анан жүзөгө ашты окшойт. Ошондой эле учурдагы эпидемиялык кырдаалга да туура келет. Негизи эле ырчылардын үгүт ишине аралашканы токтотулганы бир эсептен туура эле болгондой. Себеп дегенде ырчылар кайсыл партия менен барса, ошол партиянын үгүтчүсү, ошол партиянын мүчөсү катары кабылдаган туура эмес түшүнүктөр бар. Биз ырдаганда угармандарды сен бул партиянын мүчөсү экенсиң. Же биз сага эмес, тигил партия уксун деп ырдайбыз деп бөлбөйбүз. Тескерисинче, чогулган элдин көңүлүн көтөрүп, ыр майрам тартуулоону максат кылабыз. Ошон үчүн ырчыларды ыр майрам тартуулаганы келди деп түшүнүшсө жакшы болот эле.

-Буга чейин шайлоодо кайсы бир партияга же талапкер үчүн ырдадыңыз беле?

-Мурунку парламенттик шайлоодо да, кийинки президенттик шайлоодо да  сыртта болдум. Эмнегедир өзүмдүн да үгүт иштерине катышкым келген жок. Негизи жашоодо пилдин да, кумурсканын да өзүнүн ырыскысы болот. Адам баласынын  бир каражат тапчу мүмкүнчүлүгү оңунан чыкпай калса, үч-төрт жерден маселең чечиле турган булак чыгышы мүмкүн. Анткени, Жараткан пенделеринен ырыскы аябаган улуу зат. Ырчылар  шайлоонун үгүт ишине  катышпай калса эле каражат жок калып, чыгармачылыгы токтоп калбайт.

-Көп эле ырчылар партиялардан сунуш түшкөнүн айтышты. Ошондой эле шайлоого аттанганы да болду. Сиз саясатка кызыкпайсызбы же партиялардан сунуш түшкөн жокпу?

-Мен да “ырчылардан да шайлоого катышканы жатышат. Сен эмнеге барган жоксуң” деген сөздөрдү көп эле адамдардан угуп жатам. Менин натурам чыгармачылыкка жакын. Ырчылык өнөргө кокусунан адашып келген эмесмин. Чыгармачылыкка бала кезимден сугарылгам. Ошондой эле бул кесипти сүйүп, Эстебес Турсуналиев, Тууганбай Абдиев деген залкар аталардан бата алып, алардын изи менен келатам деп ойлойм. Залкар аталарыбыз менен сапарда сапарлаш, насиптеш болуп калгам. Ошон үчүн чыгармачылыкты баарынан жогору коём. Анткени, менин чөйрөм да Элмирбек баштаган нукура чыгармачылыкты сүйгөн адамдар. Ошондуктан, биз саясаттан өзүбүздү оолак кармадык. Өлкөнүн өсүшүнө биз да кызыкдарбыз. Бирок, Жогорку Кеңешке барбасак да, трибунага чыкпасак да, сахнадан ыр менен элдин көйгөйүн жеткиргенге аракет кылып келе жатабыз.

-Ырчылардан депутат болсо, маданияттын көтөрүлүшүнө салым кошкон, таза иштеген депутаттардан болот деп үмүт артсак болобу?

-Болот. Анткени, өнөр дүйнөсүндөгү адамдар Садык Шер-Нияздай, Ибрагим Жунусовдой башкаларга салыштырмалуу таза иштеген, чындыкты сүйлөгөн депутат болот деп ойлойм. Ибрагим Жунусов менен Садык Шер-Нияздын чындык деп чыркырап сүйлөгөн сөздөрү өнөр адамдарынан шек санагандарга далил болот. Парламентке ырчылардын барышы да туура окшойт деген ойдомун. Өнөр адамдары деле депутат болуп, маданиятты өнүктүрүүгө кол кабыш кылса, барыбыз үчүн эле пайдалуу болмок. Ошон үчүн биздин кесиптештерден саясий майданга аттанып жаткандары болсо ийгилик каалайм. Элдин ишенимин актаган мыкты саясатчы болушуна тилектешмин. Кыскасы, ырчылар менен бизнесмендердин шайлоого аттанганынан жаман нерсе көргөн жокмун. Негизи атактуу адамдарга партиялардан сунуштар түшөөрү жашыруун деле эмес. Ар бир партия көбүрөөк добуш алып, көбүрөөк орунга ээ болуп, көбүрөөк талапкерлерин депутат кылгысы келет. Анткени, көбүрөөк орун алган партиялар сөзсүз түрдө бийликке үстөмдүк кылат. Ошон үчүн бул нерсе мыйзам ченемдүү, азыркы кырдаалга жараша эле көрүнүш деп түшүнөм.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости