Нургүл Кермакунова улуттук антидопинг борборунун директору болуп дайындалды
Коом  |   |  350

Нургүл Кермакунова "Улуттук доппинге каршы борбор" дирекциясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Кермакунова ушул жылдын 21-августунан тартып 4 жылдык мөөнөткө дайындалган.

Эске салсак, допингке каршы күрөшүү дирекциясы "Улуттук антидопинг борбору" Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин алдында түзүлгөн.

Дирекция допингди жок кылуу максатында ал менен күрөшүп, спортто допингди колдонууга каршы иш алып барган мекеме болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями