www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунда 46 жаштагы эркек киши өз агасын өлтүргөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматтар боюнча, 12-сентябрда облустук милициянын нөөмөт бөлүмүнө Кыштут айылынын тургуну өз үйүндө каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине Баткен РИИБнин ыкчам-тергөө тобу барып, 63 жаштагы маркум 46 жаштагы иниси тарабынан сабалганын аныкташкан.

“Cен улгайып калсаң да апаң менен чогуу жашайсын” деген сөздөр менен тилдеп, бир нече жолу уруп-тээп, мойнунан муунтуп салган.  Алган жараатынан улам 63 жаштагы жаран ошол эле түнү окуя болгон жерде каза болгон.

"Бул факт боюнча материалдар Баткен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине адам өлтүрүү беренеси боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш башталды. Киши өлтүрүүгө шектүү катары кармалган 46 жаштагы жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилген"-деп кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости