www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курсагы ток элдин каадасы көп демекчи, тапкандын баарын кара курсак үчүн жумшай берүү-караңгылыктын жышааны. Ар бий үй-бүлө, мамлекет да акчаны сарамжал пайдаланып, болбогон той-аштардан баш тарта турган мезгил келди. Мындай пикирин жаранедык активист Нуриет Абдулазиз өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Сандар сүйлөсүн.

Мекенибиз эгемендикке жетишкенден бери өлкөбүз менен кошо эле чоңоюп келе жатабыз. Үйлөнүп, балдардын атасы болуп, үйдөгү тыйынды санап, ата-энебиздин баркын сезген учур. Ар бир үй-бүлө чыгашасын жана кирешесин эсептеп, ошого жараша аракет кылуусу – берекелүү жашоонун башаты эмеспи. Болбосо кыргыз бекеринен көрпөңө жараша бутуңду сун, же жылкыңа жараша ышкыр дебесе керек эле. Өкүнүчтүү болгон жагдай элибиз да, ошол элди башкарган башчыларыбыз да тапканына жараша коротконду же коротконуна жараша тапканды үйрөнбөдү.

Кичинемден атам байлыктан мурун баштыгыңды бүтө, кор замандын башаты ысырапкерчилик, тартып жесең тай ашырасың, бир сом тапканга беш мүнөтүң кетсе аны коротууга 10 мүнөт ойлон деп тарбиялады. Курсагы ток элдин каадасы көп демекчи, тапкандын баарын кара курсак үчүн жумшай берүү-караңгылыктын жышааны. Ар бий үй-бүлө, мамлекет да акчаны сарамжал пайдаланып, болбогон той-аштардан баш тарта турган мезгил келди. Өлкөбүз 10 жылдан бери профицит дегенди билбей жашап келе жатат. Атайын алтын убактымды коротуп, сиздер менен 30 жылдан берки өлкө чыгаша – киреше айырмасын тизмектеп чыктым. Ушунча жыл аралыгында болгону Акаев учурунда бир жолу жана Бакиев учурунда 3 жолу профицит, же башкача айтканда пайдага чыгыптырбыз. Акыркы жылдары мамлекетибиз каржы таңкыстыгын жабыш үчүн да карыз алууга мажбур.

Үй-бүлөдө ата деген азамат бала-чакасын жыргатып бакпай эле, туулган күн, юбилейден колу бошобой, тапканын болбогон нерсеге жумшай берсе, кирешесинен чыгашасы көп болсо,аны жабыш үчүн банктан карыз алса. Анан көрүнгөн жерде «мен керек болсо тиги коңшудан баланча карыз алып келдим» деп, балдарын ынандыра берсе болобу?! Ал балдардын башы иштесе, эй атаке, эртең ошол карызды биз төлөйбүз да. Анын ордуна же чыгашабызды азайталы же киреше булактарын көбөйтөлү деп айтыш керек эле. Аттиң муну сезе билген мамлекет «уулдары» жокко эсе.

Жыл сайын эле өзүбүздү өзүбүз биз жаңы там-туң баскан жаш өлкөбүз деп алдабайлы. Отуз жаштагы жигиттин кайраты, күчү, акылы бышкан кез болот. Анын оозуна упчу салып, жаш баласын десең, жаш бала бойдон калат. Отузда орок орбогон, кыркында кылыч чабалбайт.

Кыскасы элим сага айтам, эл башкарган сен ук!», - деп белгилеген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости