www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги ырчы, саясатчы Нурлан Мотуевге байланышып, кызыккан суроолорубузга жооп алдык. 

--Нурлан мырза, “карантинден кийин жубайым менен ырдап чыгам” деген элеңиз. Бирок,  ырчы Самат Дөөлөтбаков менен ырдап чыктыңыз го?

--Жубайымдын  фирмадагы иши башталып калып, азырынча  дует ырдоого убактысы жок болуп жатат. Колу бошосо эле буюрса, дует ырдап чыгабыз деген ниетибиз бар.

Ырчы Самат Дөөлөтбаковго эки дүйнөдө ыраазымын. Абдан кичи пейил, элпек, өсчү  жигит экен. Мессенжерден жазып, чыгармачылым тууралуу жакшы пикирин айтып, “студияга келиңиз, чогуу ырдайлы” - деп сунуш кылды.  Макул болуп, бир-эки күн  ыр тандадык. Игорь Корнелюктун "Дожди"  деген ырына токтолдук. Кичине репетиция кылып алып, студиядан ырдадык.

Студиядан ырчы, аранжировщик, Эрнест Жоошев деген жигиттен "мен үйдөгү эле студиядан ырдачумун, профессионалдуу студиядан ырдаганда үнүмдүн диопазону кандай экен, кайсыл туура келет экен" деп сурадым.

Ал “жогорку  нота менен ырдай турган тенордун тону экен. Лядан сиге чейинки жогорку нота менен ырдай турган үн экен” деди.  

"Жогорку нотадан белгилүү ырчылардан кимдер алат" десем, Басков алаарын айтты. “Сиздин үн менен төмөн үндү да, чыйылдакты да, операны да алып кете берсе болот” - деди.

--Мындан ары да ырчылар менен дует ырдоону адат кыласызбы же ырчылыгыңызды башка багытта өнүктүрүүнүн аракетин көрөсүзбү?

--Мындан ары да ырчылар менен дует ырдайм. “Ананайын” деген ырдын автору Доорон Жолдошев менен көптөн бери вотсаптан сүйлөшүп жүрөбүз. Ал Ошто, мен Бишкекте болгон үчүн жолуга албай жатабыз. Буюрса, ал бир айдын ичинде Оштон келет. Келер замат жаздырып жаткан автордук ырды ырдап чыгабыз.

--Саясатчылар менен да дует ырдайын деген оюңуз барбы? Сунуш түшсө  макул болосузбу?

--Эгер саясатчылар дует ырдоону сунушташса, элге уят кылбай тургандай ырдап берсе, артисттик  жөндөмү, үнү болсо, дует ырдоого неге болбосун. Эгер оригиналдуу үнү болсо, шедевр чыгарманы тандасак,  ырдай берем.

--Саясатчылыктан да ырчылыктан жылдызыңыз көбүрөөк жанып бараткан жокпу?

--Саясатчылыктан деле жылдызым жакшы жанган. КМШ аймагы мени саясатчы катаары жакшы тааныйт. Гугулдан издесең Россия, Казакстан, Кавказ, Прибалтика, Өзбекстан, Тажикстандын сайттарынын мен тууралуу жазгандары чыгат. Ал эле эмес, википедиянын англисче вариантында да бармын. Нурлан Мотуев кыргыз саясатчысы, кароль көмүрү деп жүрөм. Мисалы, википедиянын англисче вариантында Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдер жок. Ушул жагын эске алганда саясатчы катары жылдызым жакшы эле жанган. Ырчы катары жылдызым эми жана баштады.  Ырдаганыма 2-3 ай эле болду. Ошентсе да, сыйлап, урматтаган адамдарым бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости