www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Абылгазиев ишин баштап кесиптеши Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен телефон аркылуу сүйлөшө баштады. Абылгазиев тууралуу элдин бары унутуп бараткан. Абылгазиев жок болсо деле Кыргызстанда жашоо өтө берет экен. Айрыкча, ушундай оор кырдаалдарда элге дем бербей, курорттордо чалчаңдап эс алып жүргөн  атка минерлер деле бар экен. Өкмөт радио жыштыктарды сатып алышкан казак компанияларынын өкүлдөрү менен жолукканын мойнуна алган. Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев радио жыштыктар менен болгон ишине экономика боюнча орун басары Эркин Асрандиевди да тарткан сыяктуу. Маалымат беттеринде өкмөт жетекчилери «Верный капитал» компаниялар тобунун башкы директору Ерлан Оспанов жана «Скай Мобайл» ЖЧКсынын башкы директору Евгений Кражан менен жолугушкан деген маалымат тараган. Бул айтылган сөз чын экенин өкмөттүн маалыматчылары билдиришкен.

2020-жылдын 15-майында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиевдин жана Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлеринин «Верный капитал» компаниялар тобунун башкы директору Ерлан Оспанов жана «Скай Мобайл» ЖЧКсынын башкы директору Евгений Кражан менен Кыргыз Республикасындагы «Скай Мобайл» компаниясынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелер боюнча жолугушуусу өткөн. Жолугушуу учурунда негизинен салык жана радио жыштыктар маселелери талкууланган. Ошондой эле «Скай Мобайл» компаниясынын радио жыштыктарды сатып алуу темасы да козголгон. «Верный капитал» компаниясынын башында белгилүү казак ишмери Булат Утемуратов турганы белгилүү.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости