www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Кыргыз-казак чек арасындагы тыгын эки өлкөнүн мамилесине доо кетирүү коркунучун жаратып отурат. Казакстан ЕАЭБдин эрежелерин бузуп, Кыргызстанга чек арадан өтүү көйгөйлөрүн жаратканы, бизге болгон басымы кандай? Бул маселеден улам өлкө экономикасы, ишкерлер жабыр тартууда. Же кыргыз өкмөтүнүн ишке жөндөмсүздүгү ушул жерден да далилденип атабы?

Сейил Нажимидунова, эксперт: "Конфликттик кырдаалдан утуп чыгуу үчүн Кыргызстан тарап дагы өз милдеттерин аткарышы керек"

--Казакстан мекен Кыргызстандын ортосундагы чек арада жүктөрдү өткөрүү маселеси ЕАЭБге чейин эле болуп келген. ЕАЭБ - өлкөлөр арасында ушул сыяктуу маселелерди чечүү үчүн, башкача айтканда жеңилдетүү максатында куралган. Кандай гана жакшы максат жана мүдөө менен куралса дагы, ЕАЭБ экономикалык эмес, саясый долбоор. Ошондуктан ушундай көйгөйлөр болуп жатат. ЕАЭБге мүчө болгон баардык өлкөлөр өзүнө түшкөн милдет жана тапшырмаларды туура аткарган учурда гана ийгиликтүү боло алат. Конфликттик кырдаалдан утуп чыгуу үчүн Кыргызстан тарап дагы өз милдеттерин аткарышы керек. Мисалы, бажыдагы, чек аралардагы коррупциялык схемалар биздин колубузду бууп, баардык экономикалык талаш-тартыштарда жүзүбүзгө көлөкө түшүрүүдө.

Албетте, бул кырдаалдан эң чоң зыян көргөндөр ишкерлер. Аларга ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү - өкмөттүк органдардын милдети. Бул жагынан аракеттер жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан, эффективдүүлүгү жокко эсе. Өкмөт өкүлдөрү Казактан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аракет кылып атат. Бирок, бул эффективдүү эмес. Бул үстүңкү катмардагы чаңды гана алып койгонго барабар. Мындай жол менен узакка кетпейбиз. Азыр чечилет, күзүндө кайра башталышы мүмкүн. Дагы бир жолу кайталагым келет, ЕАЭБдеги мүчөлүк бул экономикалык панацея эмес.

Булак: АЗИЯnews

Последние новости