www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги  саясатчы, интернет жылдызына айланган Нурлан Мотуев менен коомчулукту дүрбөлөңгө салып жаткан Чоң-Казатчылардын аракети жана криминалдар боюнча пикирин уктук. 

--“Чоң-Казатка чакырган, бирок барган эмесмин” деп Фейсбуктагы баракчаңызга жаздыңыз. Кимден, качан сунуш түштү эле?

--Ушул жылдын февраль айында Сыймык Жапыкеев өзү чыгып, “Вефа соода борборундагы офиске келип кетиңиз сүйлөшөлү. “Чоң-Казатка” кошулбайсызбы”- деди. Максатыңар кандай десем, жалпы элдин атынан чыгарын, азыр Фейзбукта көтөргөн маселелердин алкагында иш болоорун айтты. Катарыңарда белгилүү кишилерден кимдер бар десем, “Максат Мамытканов, Канат Хасанов”- деди. Максат Мамытканов мага чыксын, сүйлөшөйүн дедим. Ал да телефон чалып, “офиске келиңиз”- деди. Бир-эки күн ойлоноюн дедим. Эки күн өткөндөн кийин мен өмүр бою лидер болуп жүргөн адаммын. Бир кезде Жумгал районунун элине 70 миң кишиге лидер болгом. Андан кийин ар кандай саясий кыймылдардын лидери болдум. Биринчи революцияда дагы лидерлердин бири болгом. Мурунку президенттер Акаев, Бакиев, Атамбаевдерден коркчу эмесмин. Аларга өмүр бою оппозиция болуп келгем. Азыркы президентти Атамбаевди камап бергени үчүн сыйлайм. Кылмыш дүйнөсүндө “борзый  блатной” болуп отуруп чыктым. Кылмышкерлер дүйнөсүндөгү Камчы Көлбаевди да анын “общагын” да тоготкон жокмун. Мен силерге лидер катары гана барам, жөн эле мүчө болуп барбайм десем ойлонуп калышты.  Аларды эле карап отурмак белем. Өз тирилигим менен болуп, үйлөнүп калдым. Карантин башталып ырдап кеттим.  

--“Чоң–Казаттын” аракеттери боюнча түрдүү пикирлер айтылып жатат. Алар туура багыт алыштыбы же катачылыкка жол бериштиби?

--Мен алардын аракети туура же туура эместигин ойлонбоптурмун. Алардын катачылыгы лозунгунда деп айтар элем. Кытайдын 4 миллиард доллар карызын жабыш үчүн олигархтардын дүйнөсүн алып төгүш керек дейт. Эмне үчүн 4 миллиард доллар карызга батырган Атамбаевдин ийне жибине чейин конфискациялаш керек дебейт. Мурунку прокуратуранын кызматкери Сыймык Жапыкеев, мурунку УКМКнын кызматкери Максат Мамытканов жана  адвокат катары Канат Хасанов айттырбай эле түшүнүшү керек болчу.

--Көптөр кокус революция болсо, Чоң–Казат 10 000 бала менен барып, байларды тоноого үндөйт деп кооптонуп жатышат го?

--Мен мындай лозунгду беш жылдан бери угуп келе жатам. Революция болсо, акүйгө, көкүйгө барбайбыз. Түз эле барып, байлардын байлыктарын басып алабыз дешет. Революция болуп кетпеш үчүн бийлик абдан катуу аракеттерди жасап, элдин жашоосун кескин  түрдө жакшыртышы керек. Өтө эле кыса бербей элдин турмушун жеңилдетиши керек. Чыгарган амнистияларын да туш тараптан кесип, кыскартып отуруп анын жарыгы көптөргө тийбей турган кылып коюшуптур. Мени менен камалгандар ал амнистияга туш болбойт экен.

--Жогоруда камакта отурганда эч кимге баш ийбей “Борзый блатной”  болуп отурдум дедиңиз. Зонада отуруп, кантип Камчынын балдарына баш ийбей койдуңуз?

--Дин менен түшкөндөр менен общактар Молдовановкада мушташа кетишкен. Дин менен түшкөндөр баш ийбей койгон. Ошондон кийин Камчы “дин менен түшкөндөрдү жайына кой, эмне болсо ошо болуп жашай берсин” деген. Ошондон бери кылмыш дүйнөсүнүн мыйзамдарына дин менен түшкөндөр баш ийбейт.

Өздөрүнчө намаз окуп, шарият менен жашашат. Мен да диний берене менен түшкөн үчүн кылмыш дүйнөсүндөгүлөрдү тоготпойм. 

--Кылмыш дүйнөсүндөгүлөр камалган кишинин байлыктарын эсептеп, тийиштүү каражаттын  талап кылат дешет го?

--Булар байлыкты эсептемек тургай, Сириядагы башкесерлерден кийин динийлерге сүйлөгөндөн коркуп калышкан. Эгер 15 жыл мурунку Кара-Кече  боюнча Батукаевдин доорунда камалганымды айтып жатсаңар анда да криминалдар унчуга алышкан эмес. 

Ошол кездеги  общактын мүчөсү  саясатчы  Баяман Эркинбаевди өлтүргөн  Бопо Рузумбетов тийишкенде тумшуктан ары басып салгам. Ошондон кийин мага эч ким тийишпей калган. Мен бардык жерде “борзый” жүрөм.        

--Кара-Кечеде деле мамлекеттин мыйзам эмес, каралардын мыйзамы иштейт дешет го?

-Кара-Кечеге мен барган кезде элдик бийлик орноду. Рыспек да, Эркин Мамбеталиев да, Аян Сансызбаев да батынып келе алган эмес. Кара-Кечени кармайт деген  Капар ийилип келип салам берчү. Аят көмүрдү Кара-Кечеден эмес, Миң-Куштан өзүнүн акчасына алдырып калган.  Мени будамайлатып Феликс Кулов каматып жибергенден кийин  тартип жоголуп, каралар башкарып калса керек.

Баса, Кара-Кече мамлекеттик ишканасында 4-5 жылдан бери  Аят деген түрмөгө эки жолу отуруп чыккан адам директор болуп отурат. Аны Атамбаевдин маалында Эркин Мамбеталиев алып келген. Мамлекеттик ишканада кылмыш дүйнөсүнүн адамы отурса, Кара-Кече көмүр кени криминалдардын уюгуна айланбаганда не болот. Муну Эркин Мамбеталиевден коркуп, убагында эч ким айталган эмес.

Булак: NazarNews.org

Последние новости