www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги ырчылык таланты ачылып, улам бир ырды ырдап, коомчулуктун кызыгуусун жаратып жаткан саясатчы Нурлан Мотуев менен байланышып, айрым суроолорго жооп алдык.

--Нурлан мырза, эмнеге кыргыз тилинде эмес, башка тилдеги ырларга басым коюп жатасыз?

--Кыргыз тилинен айланайын. Эне тилимди эч качан чанбайм. Эне тилимдеги ырларды да ырдайм буюрса. Орозо бүтсө, кыргызча ырларды  жаздырайын деп жатам. Башка тилдеги ырларга басым койгонум, орус мектепте окуп, Россия менен Американын  жогорку окуу жайынан билим алып калганым үчүн, бир канча тилде ырдагым келет. Мен журналист болуп иштегенде да макаланы кыргыз, орус жана англис тилдеринде жазчумун. Ырды да көп тилде ырдагым келет. 

--Ырларды сөзүнө маани бересизби же обонуна карап тандайсызбы?

--Ырлардын маанайды көтөргөнүнө, сөздөрүнүн уккулуктуулугуна, обонун шаңдуулугуна жараша тандайм. Тагыраагы, ыр деген адамга позитивдүү маанай тартуулап, көңүлдү көтөрүшү керек. Ырды укканда каның дүрбүп, таасирленип, керелден кечке жакшы маанай менен жүрүшүң керек. Шаңдуу шайыр ырларды жактырганым үчүнбү эмнегедир көңүлдү чөгөрткөн муңдуу ырларды ырдамак турсун, уккум да келбей баратат.

--Карантин бүтсө ыр жаздырам дедиңиз эле. Күйөрмандарым кайсыл муун болот деп ойлойсуз?

--Кудай буюруп, карантин бүтүп, элибиз аман-эсен апааттан чыкса, орозо бүтсө ырларды чекесинен жаздыра баштайм деп турам. Угармандарымдын көбү активдүү жаштар жана позитивдүү адамдар, шаңдуу  ырларды уккусу келгендер  болот деп ойлойм.

--Ырчылык өнөрүңүз өркүндөп,  колдоого алынып кетсе концерт бересизби?

--Өркүндөп кетсе ойлоном. Колдоого алынса экен, бирөөлөргө жаксам экен деп жанталашпайм. Колдоого алынбаса деле капачылыгым жок. Бирөө колдосо экен дебейм. Мен ырды бирөөгө жагайын деп ырдабайм. Колдошпосо өзүмдүн студиямда өзүм үчүн ырдай берем. Жактырбагандар укпай эле койсун.

--Той-топурга ырдап бер деп кайрылышса, барасызбы?

--Той-топурга ырда деп чакырып калышса, 1000 доллардан кем сурабайм. Тагыраагы, 1000 доллардан жогору  төлөшсө барам.

--Жубайыңыз экөөңөр дует ырдап чыгуу планыңарда  жокпу?

--Жубайымдын да таланты бар. Жакшы ырдайт. Үнү уккулуктуу. Экөөбүз дует ырдап чыгабыз  десе, кой деп тыйбайм. Бирөөнүн эркине каршы чыкпайм. Ырдап чыгалы деген эле  сунуш  берсе, чогуу ырдоого даярмын.

--Сиздин аткарууңуздагы “Буй-буйга” америкадан, оштон бери жооп кылып ырдагандар болду. Алардын жооп кайтарганына караганда жүрөктөрүнө жеткире ырдаган окшойсуз...

--Мүмкүн  менин “Буй-буйду” аткарганым көпчүлүктүн жүрөгүнө жеткендир. Өткөндө эки түз эфир уюштурсам, бүт эле “Буй-буйду” сурашат. “Буй-буйду” неге жактырып калгандарын түшүнгөн жокмун. Бирок, мен өзүм бир айлык карерамда “Буй-буйду” эң начар ырым деп эсептейм. Анткени, ошол күнү бирөөлөр менен  урушуп кетип, анча маанайым жок ырдап койгом. Өзүмө анча жакпаган ыр, элге кантип жагып калганын түшүнбөй турам.

--Жубайыңыз сиздин кастингге катышкан кыздардан эмнеси менен айырмаланды?

--Менин жубай тандаган кастингим Атамбаевдин бийлигин мазактоо болчу. Мени эч жакка чыгарбай койгондо кастингди шылтоолоп, элге чыгуунун жолу катары пайдалангам. Кастинг уюштурам деп чыгып алып, Атамбаевди сөккөм. Унутуп калдыңарбы?

--Сизден көп жигиттер кызымды тартып алат деп чочулашат экен. Жигити бар кыздарды имерип, сүйдүрүп алганга жөндөмдүүсүзбү?

--Жигиттердин кыздарын тартып алгыдай алардын кыздарынын мага эмне кереги бар. Алардын кыздарын эмнеге тартып алмак элем. Менден өзүнө ишенбеген комплекси бар жигиттер  кызымды тартып алат деп чочулашат окшойт. Чынында бирөөнүн кызын тартып деле албайм.  Өздөрүнүкү өздөрүнө буюрсун.

--Англисче ырларды ырдап эл аралык конкурстарга катышып, жюрилердин сынынан өткүңүз келеби?

--Албетте, келечекте англисче ырларды ийнине жеткире аткарып, эл аралык конкурстарга катышсам, ырчылык талантымды мындан да жогорулатсам, жогорку деңгээлге чыксам деген оюм бар.

--Кыргыз ырчыларынын арасынан чыгармачылыгын сыйлап уккан ырчыларыңыз барбы?

--Бар. Алар Сыймык Бейшекеев, Аскат Мусабеков, Кубаныч Сатаев, Лутфилла Бусурманкул уулу. Аты аталган ырчылардын чыгармачылыгын жактырам. Бирок, менин ырдоо  стилим булардыкынан таптакыр башка. Жогоруда айткандай мен шайыр-шаңдуу, бийлей турган ырларга басым коём.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости