www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вьетнам коронавирус менен коштошту. Акыркы бир аптада коронавирустун бир да учуру катталган эмес. Натыйжада өлкө карантинди алып салууну чечти. Бул тууралуу Viet Nam News басылмасы билдирди.

Маалыматка ылайык, ири шаарларда ишкердик иш-аракеттерге дагы жол берилди. Балдар мектепке бара баштады. Ошондой эле коомдук транспорт дагы ишке киришти. Ханой жана Хошимин шаарларында бир катар чектөөлөр колдонулууда. Ошол эле учурда, бийлик калкка бет кап кийүүнү жана социалдык аралыкты сактоону улантууга милдеттендирди, анткени алардын ою боюнча, мындай жүрүм-турум “жаңы нормага” айланышы керек.

Белгилей кетсек, Вьетнамда мектептер январь айынан баштап жабылган. Өлкөдө жалпы карантин 16-мартта башталган. 25-марттан баштап эл аралык, ошондой эле ички каттамдардын, поезддердин жана автобустардын көпчүлүгү токтотулган. 

Буга чейин Вьетнам чечкиндүү карантиндик иш-чаралар аркылуу коронавирус пандемиясынын кесепеттеринен кача алгандыгы кабарланган. ДССУнун Вьетнамдагы өкүлү Кидонг Парк, өлкөнүн кризиске эрте жооп кайтарышы ийгиликтин маанилүү фактору экендигин айтты.

Вьетнамдын ийгилигин анын жарандарынын социалдык биримдиги менен түшүндүрсө болот. Улгайган адамдар согуштан бери мындай тартипти жана ынтымакты көрө электигин тастыкташат.

Вьетнамда 23-апрелде 268 адамдан коронавирус аныкталган жана илдеттен каза болгондор жок. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости