www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Йемен бийлиги коронавирус менен күрөшүү үчүн Россиядан жардам сурады. Бул тууралуу РИА Новости Йемендин Россиядагы элчиси Салем Аль-Вахейшиге таянып, жазып чыкты.

Анын айтымында, Йемен Россияга коронавирустук инфекция менен күрөшүү үчүн керектүү дары-дармектердин жана жабдыктардын тизмесин жиберген. Бул дефибрилляторлор, коргоочу костюмдар, медициналык маскалар, N95 тибиндеги респираторлор жана ИВЛ.

“Эгер кандайдыр бир жооп болсо, жооп күтөбүз”,-деп Аль-Вахейши баса белгиледи.

Йемен бийликтери коронавирустук инфекциянын бир гана учурун тастыкташты. Йемендин Россиядагы элчиси бул көрсөткүчтү өлкөдө 2014-жылдан бери уланып келе жаткан жарандык согушка байланыштуу так эмес деп атады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости