www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Редакциянын астанасын аттап күтүлбөгөн конок келди. Баарлашып отуруп тынчтык бербеген ичтеги бугун байкадык. Акыры жазылып, эмне максатта келгенин ачык айтты. Көрсө анын дарегине түшкө кирбеген сандырак кептер айтылып жатыптыр. Не себептен ТЭЦтеги болгон окуянын себептерин коомчулукка чыгарып жибергенин, кимдер дайыны жок илешмелерди чубалтканын, бозала болгон чиновниктердин суранычтарын ортого салды. Эмесе, ТЭЦтин мурдагы жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу менен болгон баарлашууну окурман журтчулугуна тартуулайбыз.

— Оболу өзүңүздүн турмуштук жолуңузда кандай кызматтык кадамдар болгонун айтып берсеңиз элге түшүнүктүү болот эле. Анткени ири тармактын жетекчисинин башына отуруп калуу оңой эмес да?

— Менин атам Өмүркул бизди ошол тармакта өмүр боюу иштеп жүрүп багып келгенин көбү билбейт. Негизи ТЭЦтин династиясынын башатында Жаманкуловдор турганын да кыстара кетейин. Өзүм болсо алгач ушул жерде 18 жашымда күл чыгаргычтык кызматтан баштагам. Жакшы иштегенимден улам машинисттин жардамчысы, от казандардын машинисти, улук машинист, нөөмөт башчы, цехтин жетекчиси, башкы инженер болуп кызматтан көтөрүлүп келдим. Былтыр жылдын башында тармактын директору кылып бекитишти. Кызматка келгениме бир жыл болгондо кышында ТЭЦте өзгөчө кырдаал жаралды. Ошонун кесепетинен мени кызматтан четтетишти.

— Эгерде сиз болгон окуяны сыртка чыгарбасаңыз минтип “жылдызга” айланбайт болчусуз да? Бул кадамдарга барууга эмне түрткү болду?

— Башымды кумга тыгып жата берүүгө менин абийирим жол берген жок. Кандай тагдыр күтсө да өзүмдүн чындыгымды айтып, болгонун болгондой сыпаттого бет алдым. Албетте, мындай “эрдигим” кээ бир чиновниктерге жакпады. Айрымдар мага салам дубасын жөнөтүштү. Бирок, артка кетүүгө жол чабылган эмес. Ошондуктан безге тийчү арифметикалык бааларды коомчулукка чыгарууга батындым. Албетте, мен айткан кычкачтын 600 доллар деген баасы азыркы кагазда кыйла төмөн. Ошол эле коюлган камералардын да баасы оңдолуп 300 долларга чакталды. Эмнеси болсо да көрсөтүлгөн көлөмдөгү акчага баптоого катуу аракет көрүлдү. Ал боюнча эми түзүлгөн комиссиялар аныктап чыгат деген ойдомун. Айрыкча депутаттык комиссия бурмалоого барбайт деген ишенимдемин. Кызыгы, тендердин өткөрүлүшүнө менин эч кандай тиешем жоктугун белгилеп кетейин. Тендердин каймагын калпып жегендердин жели эми чыкса керек деп турам.

— Айрыкча химиялык цехтин салынбаганы окуянын болушуна шарт түздү дегенге кандай жообуңуз бар?

— Ошондой кырсыктын жаралышына химиялык цехтин салынбаганы себеп болду дегенге негиз бар. Эгерде тендерди толук түрдө АКТнын негизинде аягына жеткиргиле деген талапты электр станциясынын жетекчилери койгондо мындай балээден оолак болмокпуз. Тилекке каршы тендерди жүргүзгөндөр тобокелчиликке барышканы акыры ачыкталып кетти. Кызыл кекиртек деген ар кандай амалга түртмөктөйт турбайбы? Бирок, анын кесепети элге тиерин даана сездик го? Мына эми түштөн кийин химиялык цехти курууга каражат бөлүшкө мажбур болушту. Оозу күйгөндөр эми муздак сууну үйлөп иче турган болуп калышканы калетсиз. Учурда элүүдөн ашык кытайлар иштейт. Колдон келсе өзүбүздүн кадрлар ошолордун жанынан чыкпай кантип буу казандарды иштетишти, калган сырларын өздөштүрүп алышса пайдалуу болмок. Болбосо дагы деле тигилерге көз каранды болуп жүрө беребиз.

— Баса сизди 300 дөн ашуун туугандарын жака-белине толтуруп алган деген күнөөлөөгө кандай аргументтер аркылуу жооп бересиз?

— Башында айткандай Жаманкуловдордун баары ушул тармактын жакшылыгына салымын кошуп келатканын баса белгилеп кетпесем күдүк ойлор жаралат. Мына мобул “Майдан” деген гезитте ошондой калпыс материал чапталыптыр. Булар колунан келишинче бизди жемкор кылууга, бетибизге көө сыйпоого аракет кылышыптыр. Негизи ушундай басылма бар экенин түк билбептирмин. Мага бирөөлөр көтөрүп келишти сүйүнчүлөп. Окусам таптакыр чындыкка дал келбейт. Маселен мен бир жыл аралыгында мынчалык сандагы туугандарымды жумушка орноштурууга чамам жетмек эмес. Тактап койсом кеп мындай, маселен менин бир туугандарым Мирбек, Калыс, Нурбек, Даниярлар мага чейин эле ушул жерде эмгектенип келатышат. Алар өз жумушунун майын чыгарарын алган сыйлыктары тастыктап турат. Анын үстүнө булар тендерге катышмак тургай анын кандай “даамы” бар экенинен кабарсыз. Муну мен Жаманкуловдордун династиясына кыянаттык кылгандык деп эсептейм.

Анан да парламенттеги депутаттар Кожобек Рыспаевге, Исхак Масалиевге мени жабыштырууга далалат кылганы суу кечпейт. Анткени мен алар менен тыгыз иштешип, жылуу мамиледе болгон эмесмин. Эч кандай Кожобектин адамы дешке себеп жок. Ошондуктан калпты ышкырта бербей кичине иликтеп анан жазышса ынанымдуу болмок. Баса, Нурханбек Момуналиев менен да алакам болгон эмес. Угушума караганда бул гезиттин тыңгылыктуу арымы коомчулукта байкалбагандыктан таасири жок экен. Атайын барактап көрсөм эки кишинин эле узун, тажатма маектеринен бөлөк алгылыктуу көрөңгөсү байкалбайт. Баланча менен бөлүшкөн, түкүнчө менен көрүшкөн деген кептери чийкилигин аныктап турарын так айтып кетишим кажет. Эмнеси болсо да катылышса катыгын береримди билдире кетейинчи? Болбосо жаманатты кыла беришери турган иш.

— Акыркы соболду берейин, деги мындан кийинки кадамдар кандай болот?

— Желпинип эле акыйнек айтышууга көңүлүм деле жок. Ошентсе да зарылчылык болсо өз көз карашымды, колдо болгон далилдерим аркылуу бекемдөөгө умтулам. Акыры акыйкаттык үстүгө калкып чыгарына күмөн санабайм. Кимдердин мурду көмүскө ишке салынса ошолор жооп берүүгө милдеттүү. 26 жыл бир тармакта былк этпей эмгектендим. Мен үчүн ТЭЦтин ар бир бурамасы, анда иштеген жумушчулары кымбат. Сөзүмдү ушул нотада бүтүрөйүн, калганын кырдаал ордуна коет.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости