www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бүгүн, 5-мартта казак парламенттинин кош палатасында сөз сүйлөп, өз элине ыраазычылыгын билдирип эли үчүн дагы да болсо кызматын кыла тургандыгын айтты. Бул тууралуу Нур.кз сайтып жазып чыкты.

"Калкыбызга ыраазымын, айтканыма көнүп, мени менен бирге болуп, жүргүзгөн саясатымды колдоп келе жатасыңар. Ушундай калктын алдына башымды ийип, ар дайым ыраазчылыгымды билдиремин. Биз казак элин балталаса бузулбай турган биримдик керек. Анткени, бүгүн биз, оомал-төкмөл заманда жашап жатабыз. Атам замандан бери ата-бабаларыбыз эки империя арасында өмүр сүрүп келе жаткан калк. Азыр кубулмалуу заманда кайсы жакта эртең эмне боло тургандыгын эч ким билбейт. Андыктан руху бийик калкымды эч ким ала албайт. Мен өз көзүм менен көп нерсени көрдүм. Биздин жерибизге вагону менен алып келип, айылдарга таштап кеткен адамдарга көмөктөшкөн, өзгө элдерди өз эрки менен кабыл алган казак калкына алкыш”- деди, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости