www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тогуз - Тородо митинг уюштургандар маалымат жыйынын өткөрүп, алтын комбинатына кол салуу болоорун кабарлашты. Бүгүн “24kg” маалымат сайтында Тогуз - Торо районунда митинг уюштуруп, комбинатка кол салуу уюштурган топ пресс конференция өткөрдү. Журналисттерге Тогуз - Торонун активисттери аталган райондо курулуп жаткан алтын ылгоочу «Джи Эл Макмал девелопинг» компаниясынын ишмердүүлүгүнө бут тосуп, курулушту жүргүзүүгө каршы тураарын билдиришти.

Алардын айтымында, активисттер Уланбек Шерипов, Жапараалы Казыбаев, Бурулбюбю Садыкбекова,Бектурган Сатыбалдиев карапайым эл акча чогултуп, делегат катары жиберген. Тилекке каршы, алыскы аймактан элдин атынан делегат болуп келген бул адамдар Тогуз - Тородогу ар митингде элди кутумдукка үндөп, терс чакырыктарды жүргүзүп, алтын ылгоочу компаниянын мүлкүнө кол салуу кыйыр үндөчүлөр деп билсе болот, өтө өкүнүчтүү анткени видео тасмада көрүүгө болот. Пресс-конференцияда Болот Максат уулу комбинатка карапайым эл 10-мартта дагы кол сала тургандыгын кабарлады. Серепчилер мындай билдирүүнү жапайычылык аң-сезим менен мамлекеттин өнүгүшүнө туулган коркунуч - экономикалык диверсия катары баалап жатышат. Биз бандиттик же мыйзамдуу мамлекетте жашайбызбы?

Албетте, бул жооп адам көмүскөдө турган айрым бир адамдын куралы болуп жатканы айтпаса да ачык көрүнүп турат. Алар пресс - конференцияда өздөрүнүн кылган аракеттерине бир дагы далилдүү фактыны келтире алышкан жок. Алардын: “учурда курулуш иштерин жүргүзүп жаткан алтын ылгоочу комбинаттын эч кандай уруксат кагаздары жок, ал эми комбинат курулуп калса, анын тегерегиндеги 30 чакырым жерге чейин бир дагы өсүмдүк өспөйт, деги эле тирүү жанга аябай зыян келтирет” деп догурунуп, эл арасына тараткан жүйөөсүз пикирлери суу кечпейт.

Пресс-конференция өткөргөн Тогуз - Торолук активисттер саламаттык сактоо тармагындагы бир дагы адистин анализдерин келтирип, фактыларды айта алышпай, оозеки ойдон чыгарылган жорумдарды белгилешти. Чындыгында, соңку убакта авто кырсыктардан өлүмгө учураган көрүнүштөр көп, муну баарыбыз моюнга алышыбыз шарт, ошондой эле, оорунун түрлөрү күндөн күнгө жашарып, саламаттыгы начарлаган адамдардын саны бардык жакта көбөйгөнү эч кимге жашыруун эмес.

Алар: “Казакстандын Балхаш шаарынын жанында дал ушул биз сөз кылып жаткан Тогуз - Тородогудай комбинат бар, анын тегерегинде бир дагы чөп жок, бизде дагы чөп өспөй, кырылып калабыз” – деген чын-бышыгы белгисиз кепти айтып, көпчүлүктүн оюн буруп, бузуп жатышат. Мен Балхашта бир эмес, көп жолу болгон адаммын. Ооба, Балхаштын тегерегинде чөп өспөйт, ал жактын климаттык шарты Кыргызстандыкынан дээрлик бөлөк, кургакчылык, какыр, боз чаң талаа. Бирок, бул жерде жалгыз эле алтын ылгоочу комбинаттан башка дүйнө боюнча эң ири жез ылгоочу комбинат 65 жылдан бери иштеп келет. Эгерде жергиликтүү элге залакасын тийгизсе, ал жерден эл эчак эле көчүп кетмек.

Кудайга шүгүр, эли шайыр, күлкүсү жүзүнөн кетпей, жашап, иштеп жүрүшөт. Ал эми Тогуз-Торо районундагы комбинатка байланыштуу окуяга кайра кайрылсак, күч органдарынын сабатсыздыгынан, жергиликтүү бийликтин чабалдыгынан пайдаланып, аймакты өнүктүрүүгө бут тосууга жол берилип, экономикалык диверсия жүрүп жатат. Мен укук коргоочу катары “жергиликтүү күч органдары сатылып кеткенби?” деген күмөн ойго туш болуудамын.

Болбосо, булар активист эмес, булар кылмыш жообуна тартылуга толук далилдер бар, провокация чакырыктардын арты менен комбинатка моралдык жана материалдык ири чыгым келтиришти. Ал эми булардын артында атайын оюндарды уюштуруп жаткан кимдир бирөөлөр бар болгондуктан, белгисиз күчтөрдүн курмандыктары.

Укук коргоочу, Качкынбек Булатов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости