www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков кесиптеши Адахан Мадумаровду жоопко тартууга каршы пикирин билдирди.

Ал кылмыш ишин козгоо тандалма болуп жатканын айтып, бул жаатта президентти колдоо туура эмес экенин белгиледи.

"Сиздики туура, сиз айткандай болот деген саясаттын арты жакшылыкка алып келбейт. Мамлекет башчысын колдошубуз керек, бирок мындай жол менен эмес. Өсөр элдин балдары бири-бирин колдойт, өспөс элдин балдары бири-бирин кордойт дейт. Эгерде бул маселе көтөрүлө турган болсо көп суроолорго жооп бериш керек болот. "Кылмыш ишинин мөөнөтү эскирип кетүү деген бар, бул киши (Адахан Мадумаров — ред.) документке качан кол коюп берген? Андан бери канча бийлик өттү, эмне үчүн силер козгоп жатасыңар?" деген суроого кантип жооп беребиз", — деди Кадырбеков.

Ошондой эле ал канча адамдардын көз көрүнөө ууру, коррупционер деген аты бар экенин айтып, аларга тийбей, келип-келип Мадумаровго токтолгону суроо жаратып жатканын билдирди.

"Кеп жеке мамиледе эмес, анын (Адахан Мадумаровдун — ред.) мага жакпаган жактары дагы бар. Бирок азыр кыргыздын чыгаан уулу жөнүндө сөз болуп жатат. Аркасында турган эли бар. Муну менен депутаттар аябай чоң жоопкерчилик алып жатабыз. Адахан Кимсанбаевич учурда чоң саясатчылардын бири, таасирдүү инсан. Мен мамлекет башчыбыз даанышман, туура чечим чыгарат деп ойлойм", — деди депутат.

Жыйындын соңунда башкы прокурордун сунушунун негизинде Мадумаровдун кылмыш ишин иликтөөчү депутаттык комиссия түзүлдү.

Белгилей кетсек, Мадумаров буга чейин кыргыз-тажик чек арасында Төрт-Көчө тилкесине байланыштуу протокол тууралуу Башкы прокуратурага бир нече ирет сурак берип чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости