www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү ырчы Курал Чокоев өзүнүн YouTube каналында эстарада ырчыларын, коомчулукта аты таанылып калган аттуу-баштууларды чакырып, маек курган шоу-программа ачкан. Бирок, ырчынын бул иши көпкө узабай, элди бир топ дүрбөлөңгө салып, ал программасына карата каршы сын-пикирлер айтыла баштаган. Мындан улам Чокоев ал программаны жабууга аргасыз болгон.

Элди чочулаткан ал кандай шоу-прогорамма?

Курал Чокоев жана тамашоунун үч жигити менен келген конокту болушунча тажаткан суроолорду берет. Бирок, шоудун жүрүшүндө алар сөгүнүп, уят сөздөрдү колдоно алат. Көрсөтүү 18 жаштан жогорку адамдар үчүн экени айтылган.

Коомчулукта аталган шоуго Кайрат Кыргыз конок болгондон кийин терс пикирлер айтылган. Анда алар уят сөздөрдү сүйлөп, кыргыздын менталитетине туура келбеген жоруктарды жасаган. Бул коомчулукта катуу талкуу жаратып, акыры Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиев төш белгилеринен да ажыратылды.

Бул эки ырчыны колдогондор да аз эмес. Алар Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевди мандатынан ажыраткан Маданият, маалымат жана туризм министри Нуржигит Кадырбековду кызматынан кетүүсүн талап кылып жатышат.

Акыркы болуп жаткан окуяларга Нуржигит Кадырбеков өзү мындай комментарий берди:

«Менин отставкамды талап кылгандар кыла беришсин, демократия - алардын өз укугу. Алар менен кайым айтышууга убакыт жок, иштей турган учур азыр. Адеп-ахлак, нарк насилдүү элге сөгүнүү туура келбейт. Биз дагы өзүбүздүн жумушубузду аткара беребиз», - деп жооп берген Нуржигит Кадырбеков.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости